Лукашенко: Эмомали Рахмон Кыргызстандын президенти менен алга карай олуттуу жылыш бар экенин билдирди
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын президенти менен алга карай өтө олуттуу жылыш бар экенин жарыялады. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко Еревандагы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында билдирди.
«Бизде дагы башка кемчиликтер жана чыр-чатактар бар, аларды да чечишибиз керек. Ал боюнча бүгүн Эмомали Шарипович (Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон) айткандай, Кыргызстандын президенти менен алга карай өтө олуттуу жылыш бар», – деди ал.
Белгилей кетсек, уюмдагы төрагалык Беларуска өтүп жатат.
«Эгер биз чындап жоопкерчиликтүү уюм болгубуз келсе, бул чыр-чатактарды жоюшубуз керек. Эгерде биз бул маселелерди өзүбүздүн ортобузда чечип, алга жыла албасак, анда мен оюңузга кошулам: анда биздин колубуздан эмне келет? Андыктан бул багытта алга карай өтө олуттуу кадамдар жасалды», – деп Лукашенко сөзүн улантты.