Сурабалдиева Кемпир-Абадды берүүгө каршы добуш берген 18 депутатка кысым көрсөтүлгөнүн жана коркутуу болгонун айтты

Сурабалдиева Кемпир-Абадды берүүгө каршы добуш берген 18 депутатка кысым көрсөтүлгөнүн жана коркутуу болгонун айтты

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы добуш берген депутаттарга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кысым көрсөтүп, коркутуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Ал каршы чыккан 18 депутаттын укугун коргобой жаткан спикер Нурланбек Шакиевдин ишине нааразычылыгын айтты.

“Айтмакчы, кечээ менин туулган күнүм болчу. Рахмат, Камчыбек Кыдыршаевич, мага жасаган белегиңизди эч качан унутпайм. Жакындарымды коркутуп-үркүткөн УКМК кызматкерлерин да унутпайм. Парламентке келгенде мени ушинтип коркутушат деп эч качан ойлогон эмесмин», – деди депутат.

Ал ошондой эле башка депутаттар менен сүйлөшкөнүн, алардын да туугандарын, жакындарын жумуштан кетирүүгө аракеттер жасалып жаткандыгын белгиледи.

«Быйыл жайында эки ай бою коркутуп, ар кандай текшерүүлөрдү жүргүзүштү, кысымга алышты. Анан президенттин, Акылбек Жапаровдун кабинетине кирдим. Анан эмне болду дебейсиздерби? “Сурабалдиева Чүй облусунун элин митингге чыгарып, төңкөрүш даярдап жатат” деген сөздөр чыкты. Аудио жазуулары бар экенин айтышты.

Мына ошол аудиожазууларды көрсөткүлө деп, Акылбек Жапаровдун кабинетине кирдим. Жыйынтыгында кол саат менен грамоталарды тапшырышты. Эки ай өтпөй эми УКМКнын кызматкерлери туугандарыма келип, бизнесин тартып алабыз деп коркутуп жатышат», – деди Сурабалдиева.

Эске салсак, Кемпир-Абаддын өтүшүнө төмөндөгүлөр каршы добуш беришкен:

  1. Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан»)
  2. Азамат Исираилов («Альянс»)
  3. Дастан Бекешев — бир мандаттуу округдан депутат
  4. Жанар Акаев («Альянс»)
  5. Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»)
  6. Мирлан Самыйкожо («Элдик»)
  7. Нилуфар Алимжанова («Альянс»)
  8. Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру»)
  9. Өмүрбек Бакиров («Элдик»)
  10. Сеидбек Атамбаев — бир мандаттуу округдан депутат
  11. Султанбай Айжигитов («Ыйман Нуру»)
  12. Тазабек Икрамов («Элдик»)
  13. Талант Мамытов («Ынтымак»)
  14. Чыңгыз Айдарбеков («Альянс»)
  15. Эльвира Сурабалдиева — бир мандаттуу округдан депутат
  16. Эмил Жамгырчиев («Альянс»)
  17. Эмил Токтошев — («Бүтүн Кыргызстан»)
  18. Эрулан Көкүлов («Ынтымак»)

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы

Бишкекте рейд учурунда 30дан ашык унаа айып короого жеткирилди

Бишкекте рейд учурунда 30дан ашык унаа айып короого жеткирилди

Бүгүн саат 06:00дөн 09:00гө чейин Бишкек шаарында туура эмес токтотулган унааларды аныктоо жана тартипке келтирүү максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага шаар мэриясынын төрт административдик районунун өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Жол кайгуул кызматы, Муниципалдык инспекция жана “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын эвакуатор

Тоо текени, эликти мыйзамсыз атууга айып пул жогорулатылды

Тоо текени, эликти мыйзамсыз атууга айып пул жогорулатылды

Кыргызстанда жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн айып пулдардын өлчөмү жаңыртылды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Өкмөттүн "Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумия камтыган минералдык чийки затка жана козу карындарга юридикалык жана жеке жактар тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмдөрүн эсептөө боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтомуна