Кепилдик фонду исламдык кепилдик киргизүүгө даяр – азыр банктар менен сүйлөшүп жатат

Кепилдик фонду исламдык кепилдик киргизүүгө даяр – азыр банктар менен сүйлөшүп жатат

Кыргызстандын Кепилдик фонду банк тармагындагы исламдык принциптердин негизинде насыя алуучулар үчүн исламдык кепилдиктерди иштеп чыкты. Бул продуктту ишке киргизүү үчүн фонд өз өнөктөш банктарынан оң жооп күтүп жатат.

Бул тууралуу Economist.kg-ге Кепилдик фондунун башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди. Анын айтымында, Кепилдик фонду Кыргызстандын төрт банкы менен карыз алуучуларга исламдык насыяларды берүү үчүн ислам кепилдиктерин колдонууну талкуулоодо.

«Биз исламдык кепилдик инструменттерин киргиздик. Азыр биз ислам принциптерин колдонгон өнөктөш банктарыбыз – «РСК», «Кыргызстан» жана «Бакай» банктарынын [тастыктоосун] күтүп жатабыз. Биз алардын кредит алуучуларынын күрөөсү жетишсиз болсо, кепилдик берүүгө даярбыз», – деди Абакиров.

Ошондой эле, Кепилдик фонду жакынкы аралыкта Венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташуу келишимине кол коймокчу.

Мындан тышкары окуңуз

Арсланбаптын жапайы алмасынан уксус өндүргөн ишкер – Мыктыбек Сабиров

Арсланбаптын жапайы алмасынан уксус өндүргөн ишкер – Мыктыбек Сабиров

Жалал-Абад облусунун Манас шаарынан чыккан жаш ишкер Мыктыбек Сабиров жапайы алмадан уксус өндүрүп, чакан идеяны ийгиликтүү бизнеске айланткан. Эколог адистигине карабай өзүнө ылайык жумуш таба албаган ал тобокелге барып, табигый продукция чыгарууну тандаган. Бүгүнкү күндө анын өндүрүшү өлкө аймагына тарап, экспортко чыгуу алдында турат. Бул маекте ишкер уксус бизнесин кантип

Баткенде “Мега Газоблок” заводу аймакты курулуш материалдары менен камсыздоодо

Баткенде “Мега Газоблок” заводу аймакты курулуш материалдары менен камсыздоодо

Баткен облусундагы “Мега Газоблок” ишканасы түштүк аймакты сапаттуу курулуш материалдары менен камсыздап жатат. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ишканага 18 миллион доллар инвестиция салынып, завод өткөн жылдын соңунда пайдаланууга берилген. Натыйжада 50гө жакын жумушчу орун түзүлгөн. Лейлек районунун Булак-Башы айылында жайгашкан ишкананын ишмердүүлүгү менен облус жетекчиси Мамыржан Рахимов таанышып

Бишкекте КРСУ кампусун куруу макулдашуусу ратификацияланды

Бишкекте КРСУ кампусун куруу макулдашуусу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россиянын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда Россиянын биринчи президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.  Мыйзам 2026-жылдын 18-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.  Жогоруда белгиленген макулдашуу кесиптик жогорку

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат. Долбоорго ылайык, эс алуу