Кыргызстанда онлайн-казинолорго 4% гана салык салуу сунушталып жатат

Кыргызстанда онлайн-казинолорго 4% гана салык салуу сунушталып жатат

Онлайн-казинолор жана электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн салыктын ставкасын 4% деңгээлинде белгиленгени жатат. Тиешелүү өзгөртүүлөр менен мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга чыгарылды.

Электрондук коммерция тармагында салыктык база болуп, товарларды сатуудан жана электрондук формада кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражат эсептелет. Эгерде сатылган товарлар салык төлөөчүнүн менчиги болбосо, анда салыктык база сатылган товар үчүн сатып алуучудан алынган киреше менен менчик ээсине төлөнгөн каражаттардын ортосундагы айырмадан төмөн болушу мүмкүн эмес.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары 22-июндагы пленардык жыйында Кыргызстанда чет элдик жарандар үчүн казино ачуу боюнча мыйзам долбоорлорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышкан. 30-июнда аларга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Бирок депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам өзгөчө кооптуу, анткени ал бардык массалык маалымат каражаттарында күнү-түнү кумар оюндарынын жарнамаларын жарыялоого, ошондой эле сервер кайсы жерде жайгашса да, өлкөбүздө онлайн-казино ачууга мүмкүнчүлүк берет.

Azino777 онлайн казиносунун ээси Рустам Гильфановдун Кыргызстанга учуп келиши тууралуу комментарий берип жатып, Бекешев ошондой эле өлкөбүздө онлайн-казинолордун ачылышына каршы пикирин билдирген. Анткени, анын ою боюнча, жергиликтүү окуучу ойноп жатабы, же чет элдик конок ойнойбу, мындай казинолордун ээлерине баары бир.

Мындан тышкары окуңуз

Арсланбаптын жапайы алмасынан уксус өндүргөн ишкер – Мыктыбек Сабиров

Арсланбаптын жапайы алмасынан уксус өндүргөн ишкер – Мыктыбек Сабиров

Жалал-Абад облусунун Манас шаарынан чыккан жаш ишкер Мыктыбек Сабиров жапайы алмадан уксус өндүрүп, чакан идеяны ийгиликтүү бизнеске айланткан. Эколог адистигине карабай өзүнө ылайык жумуш таба албаган ал тобокелге барып, табигый продукция чыгарууну тандаган. Бүгүнкү күндө анын өндүрүшү өлкө аймагына тарап, экспортко чыгуу алдында турат. Бул маекте ишкер уксус бизнесин кантип

Баткенде “Мега Газоблок” заводу аймакты курулуш материалдары менен камсыздоодо

Баткенде “Мега Газоблок” заводу аймакты курулуш материалдары менен камсыздоодо

Баткен облусундагы “Мега Газоблок” ишканасы түштүк аймакты сапаттуу курулуш материалдары менен камсыздап жатат. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ишканага 18 миллион доллар инвестиция салынып, завод өткөн жылдын соңунда пайдаланууга берилген. Натыйжада 50гө жакын жумушчу орун түзүлгөн. Лейлек районунун Булак-Башы айылында жайгашкан ишкананын ишмердүүлүгү менен облус жетекчиси Мамыржан Рахимов таанышып

Бишкекте КРСУ кампусун куруу макулдашуусу ратификацияланды

Бишкекте КРСУ кампусун куруу макулдашуусу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россиянын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда Россиянын биринчи президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.  Мыйзам 2026-жылдын 18-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.  Жогоруда белгиленген макулдашуу кесиптик жогорку

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат. Долбоорго ылайык, эс алуу