Соода тармагындагы ишкерлер 2023-жылдын 1-январынан тартып электрондук коштомо-кагаз колдонууга милдеттүү

Соода тармагындагы ишкерлер 2023-жылдын 1-январынан тартып электрондук коштомо-кагаз колдонууга милдеттүү

Соода менен алектенген ишкерлер 2023-жылдын 1-январынан тартып электрондук товаротранспорттук коштомо кагаз – накладная (ЭТТН) колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

«ЭТТН» системасында каттоо Салык кызматынын сайтындагы «жеке кабинет» аркылуу жүргүзүлөт. Бул система – ЭТТН чыгарууга, аларды дароо контрагентке жиберүүгө мүмкүндүк берген бирдиктүү портал.

ЭТТНдин артыкчылыктары – бул анын тездиги, кеңсе жана почта чыгымдарынын азайышы, ошондой эле ички документ жүгүртүүнү оптималдаштыруу жана башкаруунун сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү, деп белгилейт бөлүм.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 15-майынан тартып ЭТТНди мунай жана мунай продуктуларын жана товарларын алып-саткан салык төлөөчүлөр колдонушат. Ал эми 1-июлдан тартып, Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тизмеге кирген товарларды жүгүртүүгө катышкан салык төлөөчүлөр колдонуп башташкан.

Учурда жергиликтүү салык органдары ЭТТНди колдонууну үйрөтүп жана консультациялык иштерди жүргүзүп жатышат. Кененирээк маалыматты жана консультацияны “ЭТТНди ишке киргизүү” аталган Telegram-каналынан же катталган жерфдеги салык органынан алса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги филармониянын алдындагы фонтандар жаңыланат

Бишкектеги филармониянын алдындагы фонтандар жаңыланат

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында жайгашкан фонтандарды демонтаждоо иштери башталды. Алар 20 жылдан ашык убакыттан кийин биринчи жолу толугу менен жаңыланат. Демонтаждан кийин бул жерде жаңы инженердик системалар менен жабдылган жана айлана-тегереги көрктөндүрүлгөн заманбап фонтан комплекси курулат. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт: * конструкциялык элементтерди

Тогуз-Тородо арашан кочкорлорунун көргөзмөсү өттү

Тогуз-Тородо арашан кочкорлорунун көргөзмөсү өттү

Тогуз-Торо районунда Арашан породасындагы асыл тукум кочкорлордун көргөзмөсү өткөрүлгөнүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага райондун алдыңкы малчы, фермер жана тармактын адистери катышкан. Көргөзмөдө кочкорлордун салмагы, асыл тукумдуулук өзгөчөлүктөрү жана сырткы көрүнүшү кылдат бааланды. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, асыл тукум мал

Бишкекте филармониянын фонтандары толугу менен реконструкцияланат

Бишкекте филармониянын фонтандары толугу менен реконструкцияланат

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтандарды реконструкциялоого даярдык көрүүнүн алкагында учурда демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, демонтаж иштери аяктагандан кийин фонтан комплексин толук реконструкциялоо этапы башталат. Долбоордун негизинде конструктивдик элементтер жаңыланып, инженердик системалар модернизацияланат. Ошондой эле айланасындагы аймак көрктөндүрүлөт. Белгилей кетсек, фонтан комплекси акыркы жолу 2002-жыл

Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт

Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлиги караштуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов радионун түз эфиринде Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, тиешелүү жарлыкка өткөн жумада Садыр Жапаров кол койгон. Жаңы мамлекеттик орган Министрликтин түзүмдөрүн кайра уюштуруунун негизинде түзүлөт жана Министрлер Кабинетине караштуу болот. Касымов белгилегендей, бул