Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт

Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлиги караштуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов радионун түз эфиринде Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү жарлыкка өткөн жумада Садыр Жапаров кол койгон. Жаңы мамлекеттик орган Министрликтин түзүмдөрүн кайра уюштуруунун негизинде түзүлөт жана Министрлер Кабинетине караштуу болот.

Касымов белгилегендей, бул – туризм тармагы үчүн чоң жетишкендик:
"Чынын айтканда, бул жалпы тармактын жетишкендиги, анткени көп жылдар бою туризмге жетиштүү көңүл бурулган эмес", — деди ал.

Анын айтымында, агенттикти түзүүгө 2030-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүү программасы негиз болгон. Бул документте туризм артыкчылыктуу багыттардын бири катары аныкталган.

Жаңы түзүм түзүлгөндөн кийин кызматкерлердин саны жана бюджет көбөйтүлөрү күтүлүүдө. Бул мурдагы негизги көйгөйлөрдүн бири болгон каржылоонун жетишсиздигин жоюуга жардам берет.

"Бир ай ичинде биз түзүмдү, штаттык расписаниени жана бюджетти аныктап, андан кийин алар Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилиши керек",-дейт Касымов.

Мындан тышкары, 2030-жылга чейин агенттикке бир катар олуттуу милдеттер коюлган. Атап айтканда:

  • 1999-жылы кабыл алынган мыйзамды жаңылоо иштери жүрүп жатат;
  • туристтер үчүн "Түндүк Travel" платформасы жана мобилдик тиркеме иштелип чыгууда;
  • Кыргызстанды дүйнөлүк деңгээлде таанытуу үчүн маркетинг стратегиясы даярдалып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media