Жогорку Кеңештин депутаттары MegaCom компаниясынын иши менен таанышышты

Жогорку Кеңештин депутаттары MegaCom компаниясынын иши менен таанышышты

Бүгүн, 29-ноябрда, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрү «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы кеңсесинде MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун ишмердүүлүгү менен таанышып, көчмө жыйын өткөрүштү.

Парламентарийлерге ата мекендик байланыш операторунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу видеотасма көрсөтүлдү, анда MegaCom компаниясынын 16 жылдык тарыхындагы негизги жетишкендиктери жөнүндө айтылды. 2022-жылдык иштин жыйынтыктары менен «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Нурлан Мамытов тааныштырды.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар MegaCom компаниясынын коммерциялык көрсөткүчтөрү жана 2023-жылга компанияны жана анын продукциясын өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат алышты. Жогорку Кеңештин комитетинин мүчөлөрү «Альфа Телеком» ЖАКнын республиканын бюджетин толтурууга кошкон салымын жогору баалашты.

Расмий бөлүктүн аягында Нурлан Мамытов Жогорку Кеңештин комитетинин мүчөлөрүнө MegaCom компаниясынын негизги бөлүмдөрү менен таанышып, конокторду компаниянын байланыш борборунун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле «Альфа Телеком» ЖАКтын коммерциялык жана техникалык дирекциялары менен тааныштырды.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Тородо арашан кочкорлорунун көргөзмөсү өттү

Тогуз-Тородо арашан кочкорлорунун көргөзмөсү өттү

Тогуз-Торо районунда Арашан породасындагы асыл тукум кочкорлордун көргөзмөсү өткөрүлгөнүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага райондун алдыңкы малчы, фермер жана тармактын адистери катышкан. Көргөзмөдө кочкорлордун салмагы, асыл тукумдуулук өзгөчөлүктөрү жана сырткы көрүнүшү кылдат бааланды. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, асыл тукум мал

Бишкекте филармониянын фонтандары толугу менен реконструкцияланат

Бишкекте филармониянын фонтандары толугу менен реконструкцияланат

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтандарды реконструкциялоого даярдык көрүүнүн алкагында учурда демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, демонтаж иштери аяктагандан кийин фонтан комплексин толук реконструкциялоо этапы башталат. Долбоордун негизинде конструктивдик элементтер жаңыланып, инженердик системалар модернизацияланат. Ошондой эле айланасындагы аймак көрктөндүрүлөт. Белгилей кетсек, фонтан комплекси акыркы жолу 2002-жыл

Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт

Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлиги караштуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов радионун түз эфиринде Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, тиешелүү жарлыкка өткөн жумада Садыр Жапаров кол койгон. Жаңы мамлекеттик орган Министрликтин түзүмдөрүн кайра уюштуруунун негизинде түзүлөт жана Министрлер Кабинетине караштуу болот. Касымов белгилегендей, бул

Быйылкы жылдын 3 айында Ысык-Көлдөн 16 900 метр тор алынды

Быйылкы жылдын 3 айында Ысык-Көлдөн 16 900 метр тор алынды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милиция кызматы 2026-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгын чыгарды. Облустук милициядан билдиришкендей, бул мезгил аралыгында Көлдүн акваториясынан жана кармалган жарандардан жалпы узундугу 16 900 метрди түзгөн синтетикалык торлор конфискацияланган. 300 даана балык мыйзамсыз уулоо учурунда алынып, тиешелүү кызматтарга өткөрүлөн. Алдын алуу иштеринин натыйжасында жарандар өз ыктыяры