Каттоосу жок пенсия төлөө токтотулат деген маалымат туура эмес - Соцфонд

Каттоосу жок пенсия төлөө токтотулат деген маалымат туура эмес - Соцфонд

Пенсионерлер пенсияларды төлөө токтотулбашы үчүн Соцфонддо каттоодон өтүшү керек эмес. Мындай түшүндүрмөнү Социалдык фонд берди.

Ведомствонун кызматкерлери белгилешкендей, бүгүн WhatsApp жана Telegram-дагы группалар аркылуу “декабрь айынан тартып каттоодон өтпөй калган пенсионерге пенсия төлөө токтотулат” деген билдирүү тарай баштады. Бул маалымат туура эмес.

«Пенсияны төлөө токтотулбайт. 2022-жылдын декабрь айында Соцфондго кайрылуунун зарылчылыгы жок», — деп айтылат билдирүүдө.

Суроолор жана толук маалымат алуу боюнча төмөнкү телефондорго чалсаңыздар болот: 0312 53 17 49, 0312 53 49 29, 0312 53 05 10, 0312 53 04 73, 0312 53 18 93.

Мындан тышкары окуңуз

Арсланбаптын жапайы алмасынан уксус өндүргөн ишкер – Мыктыбек Сабиров

Арсланбаптын жапайы алмасынан уксус өндүргөн ишкер – Мыктыбек Сабиров

Жалал-Абад облусунун Манас шаарынан чыккан жаш ишкер Мыктыбек Сабиров жапайы алмадан уксус өндүрүп, чакан идеяны ийгиликтүү бизнеске айланткан. Эколог адистигине карабай өзүнө ылайык жумуш таба албаган ал тобокелге барып, табигый продукция чыгарууну тандаган. Бүгүнкү күндө анын өндүрүшү өлкө аймагына тарап, экспортко чыгуу алдында турат. Бул маекте ишкер уксус бизнесин кантип

Баткенде “Мега Газоблок” заводу аймакты курулуш материалдары менен камсыздоодо

Баткенде “Мега Газоблок” заводу аймакты курулуш материалдары менен камсыздоодо

Баткен облусундагы “Мега Газоблок” ишканасы түштүк аймакты сапаттуу курулуш материалдары менен камсыздап жатат. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ишканага 18 миллион доллар инвестиция салынып, завод өткөн жылдын соңунда пайдаланууга берилген. Натыйжада 50гө жакын жумушчу орун түзүлгөн. Лейлек районунун Булак-Башы айылында жайгашкан ишкананын ишмердүүлүгү менен облус жетекчиси Мамыржан Рахимов таанышып

Бишкекте КРСУ кампусун куруу макулдашуусу ратификацияланды

Бишкекте КРСУ кампусун куруу макулдашуусу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россиянын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда Россиянын биринчи президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.  Мыйзам 2026-жылдын 18-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.  Жогоруда белгиленген макулдашуу кесиптик жогорку

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат. Долбоорго ылайык, эс алуу