Жол эрежесин бузуу үчүн айып төлөө мөөнөтү 15 күндөн 30 күнгө чейин узартылат

Жол эрежесин бузуу үчүн айып төлөө мөөнөтү 15 күндөн 30 күнгө чейин узартылат

ИИМ жол эрежесин бузуу үчүн арзандатылган айып пул төлөөнүн мөөнөтүн 15 күндөн 30 күнгө чейин узартууну сунуштоодо. Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин отурумунун жыйынтыгын депутат Дастан Бекешев билдирди.

Мындан тышкары, укук коргоо органдары мас абалында унаа айдагандар үчүн жазаны катаалдатып, өмүр бою айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу сунушталган.

«Бирок мен буга макул болгон жокмун, болбосо, көбү күбөлүгү жок унаа айдай башташат, а бул өтө кооптуу. Буга [демилгечилер] да макул оюн айтышты», – деп баса белгиледи парламентарий.

Бирок жөнөкөй жарандар жол эрежесин бузууларды каттоого жардам берип, айып пулдун 10% өлчөмүн сыйлык катары алышсын деген идеяны ИИМ өкүлдөрү колдошкон жок.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Тородо арашан кочкорлорунун көргөзмөсү өттү

Тогуз-Тородо арашан кочкорлорунун көргөзмөсү өттү

Тогуз-Торо районунда Арашан породасындагы асыл тукум кочкорлордун көргөзмөсү өткөрүлгөнүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага райондун алдыңкы малчы, фермер жана тармактын адистери катышкан. Көргөзмөдө кочкорлордун салмагы, асыл тукумдуулук өзгөчөлүктөрү жана сырткы көрүнүшү кылдат бааланды. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, асыл тукум мал

Бишкекте филармониянын фонтандары толугу менен реконструкцияланат

Бишкекте филармониянын фонтандары толугу менен реконструкцияланат

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтандарды реконструкциялоого даярдык көрүүнүн алкагында учурда демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, демонтаж иштери аяктагандан кийин фонтан комплексин толук реконструкциялоо этапы башталат. Долбоордун негизинде конструктивдик элементтер жаңыланып, инженердик системалар модернизацияланат. Ошондой эле айланасындагы аймак көрктөндүрүлөт. Белгилей кетсек, фонтан комплекси акыркы жолу 2002-жыл

Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт

Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлиги караштуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов радионун түз эфиринде Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, тиешелүү жарлыкка өткөн жумада Садыр Жапаров кол койгон. Жаңы мамлекеттик орган Министрликтин түзүмдөрүн кайра уюштуруунун негизинде түзүлөт жана Министрлер Кабинетине караштуу болот. Касымов белгилегендей, бул

Быйылкы жылдын 3 айында Ысык-Көлдөн 16 900 метр тор алынды

Быйылкы жылдын 3 айында Ысык-Көлдөн 16 900 метр тор алынды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милиция кызматы 2026-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгын чыгарды. Облустук милициядан билдиришкендей, бул мезгил аралыгында Көлдүн акваториясынан жана кармалган жарандардан жалпы узундугу 16 900 метрди түзгөн синтетикалык торлор конфискацияланган. 300 даана балык мыйзамсыз уулоо учурунда алынып, тиешелүү кызматтарга өткөрүлөн. Алдын алуу иштеринин натыйжасында жарандар өз ыктыяры