КРда текстиль өндүрүшүнүн санариптик технологиялары боюнча кыргыз-корей борборун түзүүгө 8 млн доллар салынышы мүмкүн

КРда текстиль өндүрүшүнүн санариптик технологиялары боюнча кыргыз-корей борборун түзүүгө 8 млн доллар салынышы мүмкүн

КР Экономика жана коммерция министрлиги Кореянын Боек жана дизайн технологиялары институту менен биргеликте КРнын текстиль жана тигүү ишканаларына өндүрүш технологиясын өркүндөтүү жана мындан аркы кызматташуу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн ведомстводон билдиришти.

Ага ылайык, кореялык жана кыргыз компанияларынын тармагын түзүү, тигүү тармагында көмөк көрсөтүүнү караган TASK долбоорун ишке ашыруу каралууда.

30-ноябрда министрдин орун басары Канат Абдрахманов Кореянын DYETEC боек жана дизайн технологиялар институтунун өкүлдөрү менен жолугушкан.

“Жолугушууда министрдин орун басары корей тараптын өкүлдөрү менен алдын ала бюджети 8 млн долларлык «Кыргызстанда 2024-2028-жылдарга туруктуу текстиль өнөр жайын өнүктүрүү үчүн текстиль өндүрүшүнүн санариптик технологиялары боюнча кызматташуу боюнча кыргыз-корей борборун түзүү» долбоорун талкуулады. Бул долбоор Кореянын илимий институттары менен биргеликте даярдалган”, – деп айтылат маалыматта.

Долбоордун максаты – санариптик текстиль өндүрүшүнүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө жана экологиялык жактан таза жеңил өнөр жайынын келечеги үчүн инфраструктураны жана системаны куруу.

Ошондой эле министрлик КРда санарип текстиль өнөр жайын өнүктүрүүнүн аркасында баалуу продукцияларды чыгарууга, технологдордун, менеджерлердин жана тигүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатууга мүмкүндүк түзүлөрүн, бул өндүрүш көлөмүнүн өсүшүн, бизнестин кирешесин кеңейтүүгө багытталган аялдарды ишке орноштуруу жана жаңы жумуш орундарын түзүү болуп саналарын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мыйзамсыз алган делген жерлерге байланыштуу иш учурда Ош шаардык сотунда каралууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков 10-апрелде Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда билдирди. Мунун алдында Шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев мамлекет башчы менен жолугушууда