Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954 млн сом бөлүнүп, 105 чакырым жол асфальтталган. Мындан тышкары, 50дөн ашык социалдык объект пайдаланууга берилип, өндүрүш көлөмү бир жарым эсеге өскөн. Жүздөгөн ишканалар ачылып, миңдеген жаңы жумуш орундар түзүлгөн.

Ошондой эле Керме-Тоо аймагында заманбап индустриалдык борбор куруу пландалып, анда он өнөр жай объектисин ишке киргизүү каралууда. Энергетика тармагында Араван-Сай дарыясына суу сактагыч куруу сунушу да көтөрүлүп, бул долбоор сугат суу тартыштыгын азайтып, айыл чарбасын жана туризмди өнүктүрүүгө шарт түзмөкчү.

Турак жай маселесин чечүү максатында 11 гектар жер бөлүү сунушталып, бул 18 миңден ашуун жаранды үй менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, спорттук комплекс, ооруканага кошумча корпус жана жаңы административдик имарат куруу демилгелери айтылды.

Президент Садыр Жапаров аймактарды комплекстүү өнүктүрүү мамлекеттин негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгилеп, сунушталган долбоорлор Араван районунун социалдык-экономикалык өсүшүнө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрүн билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media