Ош базардагы «Берекет» ЖАКтын администрациясы соодагерлерди кысымга алууда

Ош базардагы «Берекет» ЖАКтын администрациясы соодагерлерди кысымга алууда

Ош базардагы “Берекет” ЖАКтын администрациясы соодагерлерди кысымга алууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.

Депутаттын айтымында, аталган соода борборунан бир топ ишкер аялдар кайрылышкан. Алар 1994-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ижара акысын, салык төлөп иштеп келишкенине карабай “Берекет” базарынын администрациясы акыркы жолу өрт чыккандан кийин ишкерлерди турган жайын “сатып алууга” мажбурлай баштаган.

“Биз элибизди жумуш менен камсыз кыла албай жатсак, 30-40 жылдан бери ошол жерде соода кылган жарандарыбыздын артынан сая түшүп, ушул жерди сатып алышың керек эле деп, ишкерлерди түйшүккө салуу иштери жүрүп жатат. Соода түйүнүндөгү ишкерлерди ким коргойт?” – деди депутат.

Ошондой эле Талиева тиешелүү органдар чара көрүшү керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17