Жыл башынан бери 8 миңден ашык дыйкан жеңилдетилген насыя алды
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун алкагында быйылкы жылдын башынан бери дыйкандарга 4 млрд 678 млн сомдук 8.2 миң кредит берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Министрлик жалпысынан 2013-жылы долбоор башталгандан бери 51.6 млрд сомго 120 миңден ашык жеңилдетилген насыялар берилгенин кошумчалады.
2013-жылдан бери насыялар төмөнкү секторлор боюнча берилген:
- Мал чарбасы – 33 млрд сомго 96 миң кредит (жалпы насыялоонун 64%)
- Өсүмдүк чарбасы – 22.1 миң кредит, 7.85 млрд сом (15%)
- Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү – 2.4 миң кредит 10.7 млрд сомго (21%).