Акылбек Жапаров Токиодо «Кыргызкоммерцбанкка» ээлик кылган HS Holdings компаниясынын жетекчиси менен жолугушту

Акылбек Жапаров Токиодо «Кыргызкоммерцбанкка» ээлик кылган HS Holdings компаниясынын жетекчиси менен жолугушту

КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга болгон иш сапарынын алкагында HS Holdings Co., Ltd компаниялар тобунун президенти Ясунари Харада менен жолугушту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров “Кыргызкоммерцбанк” ААКтын акцияларынын контролдук пакетин япониялык HS Holdings Co., Ltd компаниясынын сатып алышы – КРнын экономикасына инвестиция салууну каалаган жапондук ишкерлер үчүн маанилүү сигнал болуп саналарын белгиледи. 

«Бул кадам инвестициянын жана биздин республикада иштөөнү каалаган жапон компанияларынын санынын көбөйүшүнө алып келет деп үмүттөнөм. Ошол эле учурда мен бир нече жылдан кийин “Кыргызкоммерцбанк” өлкөдөгү ири жана технологиялык жактан өнүккөн каржы институттарынын бирине айланарына ишенем», – деди ал. 

Өз кезегинде HS Holdings Co., Ltd. компаниясынын президенти Ясунари Харада япон ишкерлери бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнө да, өзгөчө КРга да чоң кызыгуу көрсөтүп жатканын баса белгиледи. 

«Башка жапон компаниялары бизди КРга ээрчишет жана биз аларга керектүү финансылык операцияларды жүргүзүүгө жардам бере алабыз деп ишенем», – деп жыйынтыктады Ясунари Харада. 


HS Holdings Co., Ltd компаниялар тобу (мурдагы Sawada Holdings Co. Ltd) банктык жана башка финансылык кызматтарды көрсөтөт. Компания 1958-жылы 21-январда негизделген жана башкы кеңсеси Япониянын Токио шаарында жайгашкан.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мыйзамсыз алган делген жерлерге байланыштуу иш учурда Ош шаардык сотунда каралууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков 10-апрелде Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда билдирди. Мунун алдында Шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев мамлекет башчы менен жолугушууда

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу