Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт.

Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне сыяктуу элиталык жумшак сырларды өнөр жайлык негизде өндүрүү ишке кирет.

Буга чейин мындай продукциялар чет өлкөдөн импорттолуп келген. Долбоордун ишке ашуусу импортко болгон көз карандылыкты азайтып, азык-түлүк коопсуздугун чыңдап, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдойт. Бул иштер Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырмалардын алкагында жүргүзүлүүдө.

Долбоордун алкагында аянты 500 чарчы метр болгон жаңы өндүрүштүк жана муздаткыч кампалар курулат, ошондой эле Европа өндүрүшүндөгү заманбап жабдуулар сатып алынат. Бул ишканага суткасына 90 тоннага чейин сүт иштетүүгө жана жылына 700 тоннага чейин жаңы продукция чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Долбоор аймак үчүн кошумча экономикалык пайда алып келет: сүт жеткирүүчүлөрдүн саны 2 миңден 3 миңге чейин көбөйөт. Бул айыл тургундарына туруктуу киреше жана продукциясын сатуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Ишканада 20 жаңы жумуш орду түзүлөт, ал эми заманбап жабдуулар продукциянын сактоо мөөнөтүн узартып, HACCP (тамак-аш коопсуздугун камсыз кылган эл аралык деңгээлде таанылган башкаруу системасы) стандарттарына жооп берүүсүн камсыздайт.

Мындан тышкары окуңуз

КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

Президент Садыр Жапаров кече Авазада өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды. Мамлекет башчысы Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларус Республикасынын президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри менен биргеликте Шериктештикке мүчө мамлекеттердин элдеринин улуттук ашканасы, салттары жана маданий мурастары менен таанышып чыгышты. Лидерлерге Кыргызстан,

Ишкер Media
Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды

Автоунаасынан зыяндуу заттарды чыгаргандарга 68 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Москва райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге автоунааларды пайдаланууда экологиялык талаптардын бузулушун аныктоо максатында рейд жүргүзүштү. Аталган министрликтин билдирүүсүнө караганда, рейддин жүрүшүндө Чүйдө автотранспорттон зыяндуу заттарды ашык чыгарган 7 факты аныкталып, жалпы 68 миң сом айып салынды.

Ишкер Media
Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Учурда өлкөдө кант кызылчасы жыйналууда. Бул жылы кант кызылчасы 11,8 миң гектар аянтка айдалып, учурда анын 4,1 миң гектарында түшүм жыйналды. Буга байланыштуу "Ишкер Медиа" түшүм жыйноого кеткен чыгымдарды жана дыйкандар туш болгон кыйынчылыктарды билүү үчүн жеринен кабар алды. Дыйкандардын айтымында, кант кызылчасын өстүрүүдө жерди иштетүүдөн

Ишкер Media
Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media