Геосаясий фактор, логистика, алып-сатуу операциясы - Улуттук банк доллардын дефицитине түшүндүрмө берди

Геосаясий фактор, логистика, алып-сатуу операциясы - Улуттук банк доллардын дефицитине түшүндүрмө берди

Улуттук банк накталай АКШ долларынын учурдагы тартыштыгынын негизги фактору катары белгисиз бойдон калып жаткан геосаясий кырдаал, аны өлкөгө алып келүүдө логистикалык байланыштын бузулушу жана айрым жарандардын валюталардын курстук айырмадан пайда табуу максатында жүргүзгөн алып-сатарлык операцияларын атады.  

Регулятор КРнын валюта рыногундагы жагдай дүйнөдөгү геосаясий жагдайдан жана тышкы рыноктордогу белгисиздик кырдаалдардан көз каранды экенин баса белгиледи.

Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктардын, алмашуу бюролорунун жана микрофинансылык уюмдардын накталай АКШ долларын өлкөдөн сырткары чыгарып кетүүсүнө тыюу салууну кошо алганда, кризиске каршы бир катар чаралар көрүлгөн.

“Бирок КРнын мыйзамдарында капиталдын эркин жылышы каралган, бул чет өлкө валютасын жеке адамдар жана юридикалык жактар өлкөгө/өлкөдөн эркин алып келүүгө/чыгууга боло тургандыгын түшүндүрөт.  

Бүгүнкү күндө айрым жергиликтүү коммерциялык банктар накталай АКШ долларынын зарыл көлөмү менен камсыз кылуу үчүн накталай чет өлкө валютасын алып келүү боюнча операцияларды жүргүзүп жатышат. Ошол эле учурда, накталай акчаны жеткирүү үчүн логистикалык байланыштын татаалдыгы алардын акыркы наркына таасир этет”, – дейт башкы банк. 

Коммерциялык банктар тарабынан берилген маалыматка ылайык, АКШ долларын накталай акчага айландыруу үчүн комиссиялык төлөм өлчөмү накталай акчага айландырылган чет өлкө валютасынын суммасынан 0.5%дан 4%га чейинкини түзгөн.

Мында, банк мыйзамдарында коммерциялык банктар керектөөчүлөр үчүн маалыматтын ачык жарыяланышын жана жеткиликтүү болушун камсыз кылуу менен банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акыларды жана тарифтерди өз алдынча белгилөө каралган.  

Улуттук банктын талаптарына ылайык, чет өлкө валютасын маалымат тактасында көрсөтүлгөн тиешелүү курстан айырмаланган курс боюнча сатып алууга жана сатууга тыюу салынгандыгын белгилеп кетүү зарыл. Чет өлкө валютасы бар болсо валюта рыногунун катышуучулары чет өлкө валютасын чектөөсүз сатууга милдеттүү.  

Ошондой эле Улуттук банк коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун ишин туруктуу негизде көзөмөлдөп турарын билдирди.

Кошумча окуңуз:

Доллардын курсу келерки жылы 83.3 сом деңгээлинде кармалат – ЕӨБдүн божомолу

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17