Япониянын тышкы соода уюму КРнын продукциясын экспорттоого көмөктөшөт

Япониянын тышкы соода уюму КРнын продукциясын экспорттоого көмөктөшөт

КРнын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапарынын алкагында Япониянын тышкы соода уюмунун (Japan External Trade Organization, JETRO) төрагасы Нобухико Сасаки менен жолугушканын минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Япониянын тышкы соода уюмунун жетекчиси Нобухико Сасаки белгилегендей, экспортту өнүктүрүүнүн ийгиликтүү мисалдарынын бири катары КРдан Японияга ак балды жеткирүүнү уюштуруу болуп саналат.

«Ошондой эле Токио шаарындагы «Ханэда» эл аралык аэропортунда «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында өндүрүлгөн продукцияларды саткан дүкөн ийгиликтүү иш алып барууда. Биз мындан ары да Кыргызстандын продукциясын Японияга жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттоону өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө ниеттенип жатабыз. Буга катар эле биз өз продукциясын башка өлкөлөргө экспорттоону каалаган кыргызстандык товар өндүрүүчүлөрдү колдоого алуунун жаңы ыкмалары үстүндө иштейбиз», – деди Нобухико Сасаки.

Өз кезегинде минкабдын башчысы Акылбек Жапаров Япония дүйнөдө технологиялык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн бири экенин, ошондуктан биздин республика жапон технологияларына кызыкдар экендигин белгиледи.

«Азыр биздин алдыбызда өлкөнү индустриялаштыруу милдети турат. Бизге ата мекендик кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн да заманбап жапон жабдуулары жана технологиялары керек. Минкабдын түзүмүндө экспортту өнүктүрүүгө жооптуу JETRO сыяктуу мекеме болушун каалайбыз», – деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында Акылбек Жапаров менен Нобухико Сасаки кыргыз товар өндүрүүчүлөрүн алдыга жылдыруу жана алар кызыккан долбоорлорду илгерилетүү жаатында эки тараптуу кызматташууну активдештирүү боюнча макулдашышты.

Ошондой эле Япониянын тышкы соода уюму менен КР Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду.

  • Япониянын тышкы соода уюму Япония менен дүйнө өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданы жана инвестицияны илгерилетүү жаатында алектенет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ошто экс-мэр М.Мырзакматовдун мыйзамсыз жерлери тууралуу маселе коюлду

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мыйзамсыз алган делген жерлерге байланыштуу иш учурда Ош шаардык сотунда каралууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Шералы Камчыбеков 10-апрелде Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда билдирди. Мунун алдында Шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев мамлекет башчы менен жолугушууда

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу