Бишкекте Aiym Ishker 2022 форуму өттү

Бишкекте Aiym Ishker 2022 форуму өттү

Бишкекте Кыргызстандын 200гө жакын ишкерлердин катышуусунда Aiym Ishker 2022 ишкер аялдар форуму өттү. Иш-чараны JIA бизнес-ассоциациясы уюштурду.

Армениядагы Бизнес жана билим берүү ассоциациясынын тең негиздөөчүсү Марине Жамкочяндын айтымында, ишкерлер үчүн ассоциацияларга жана коомчулуктарга мүчө болуу маанилүү. Алар аркылуу ишкерлер тармактык жана башка маанилүү маалыматтарды тез алып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, кызыкчылыктарды жактоого мүмкүн болот. Жамкочян ошондой эле Кыргызстанда кесипкөй кадрларды даярдоого көбүрөөк көңүл бурууну сунуштады.

«Арменияда экономиканын 90% чакан бизнес түзөт. Ал эми чакан бизнес жогорку билимди талап кылбайт, кесиптик билимди талап кылат. Ошондуктан, бизнеске муктаж болгон кесиптер менен ЖОЖдор жана кесиптик окуу жайлары даярдагандардын ортосунда дисбаланс болбошу үчүн суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча эмгек рыногун үзгүлтүксүз жана тынымсыз талдап туруу зарыл», – деп түшүндүрдү Жамкочян.

Форумга катышкан ишкерлер жумушка алуу, команда түзүү, жеке катышуу жана үй-бүлөгө таянуу темаларды көтөрүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Чүй облусунда тамчылатып сугаруу системасын орнотууга 12 млн сом бөлүнөт

Москва районундагы суу чарба башкармалыгы 30 гектар аянттагы жүгөрүнү сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 12 млн 105 миң сомду түзөт. Жумуштар 2026-жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүлүшү керек. Жабдуучулардын сунуштары 24-апрелге чейин кабыл алынат. Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сырлар чыгарыла баштайт

Талас облусунда элиталык сыр түрлөрү өндүрүлө баштарын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы алдыңкы сүт өндүрүүчүлөрдүн бири — "Эмилия" ЖЧКсы өндүрүш кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо келишимине кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 млн долларды түзөт. Талас облусунда биринчи жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу