Кеминде спорт комлексти куруунун ордуна ишкер 7.4 млн сомду жеке кызыкчылыгына пайдаланган – Башкы прокуратура

Кеминде спорт комлексти куруунун ордуна ишкер 7.4 млн сомду жеке кызыкчылыгына пайдаланган – Башкы прокуратура

Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган айыл өкмөттүн кызмат адамдары бир катар мыйзам бузуучулуктарга барышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 2020-жылы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү менен «Б» ЖЧКнын ортосунда аткаруу мөөнөтү 6 айлык болгон аталган айыл аймакка жалпы баасы 12 млн сомду түзгөн кичи спорттук комплексин куруу боюнча келишим түзүлгөн.

«Белгиленген келишимдин шарттарына ылайык акча каражаты которуу тийиштүү жумуш аткарылгандан кийин которулат деп тургандыгына карабастан, айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдары «Б» ЖЧКнын эсебине жалпы 11 млн сом негизсиз которуп жиберишкен», – деп маалымда белгиленген.

Ал эми, «Б» ЖЧКы тарабынан которулган акча каражатынын ичинен болгону 3.5 млн сомдук гана жумуштар бүткөрүлүп, калган 7.4 млн сом жеке кызыкчылыктарга пайдаланылып жок кылынган. Мындан улам, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу

Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар

Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар

Акыркы үч жыл ичинде Кыргызстанда киберкылмыштуулуктун саны кескин өстү. Кыргызстандын Кылмыш кодексинде 300дөн ашуун кылмыштын түрү болсо, статистика боюнча жалпы кылмыштын негизги үлүшүн 2 берене: уурулук – 39% жана алдамчылык – 31% ээлейт. Мындай маалымат менен ИИМдин КИББнын Киберкылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын өкүлү, подполковник Чолпон Назаркулова ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен болгон

Ош шаарынын таза суу маселесине 14 млн евро бөлүнгөн

Ош шаарынын таза суу маселесине 14 млн евро бөлүнгөн

Бүгүнкү күндө Ош шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерин чечүүдө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу жалпысынан 14 млн евро каралган долбоор 100% натыйжалуу бүткөрүлгөнүн Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. “Эки фазадан турган бул долбоор менен шаардын таза суу жана саркынды суу тутумдары жаңыртылган. Ошондой эле

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт: