Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет.

Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:
— Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, С. Боронбай, Жазыйра, Муромская, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Кырккыз, Көк-Жайык жана Торугарт көчөлөрү;
— "Рабочий городок", "Дыйканчылык институту", "Ак-Өргө", "Ак-Ордо" (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана "Теңир-Тоо" (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн) конуштары.

Белгиленгендей, өчүрүү "Гагарина" жана "Юго-Западный" суу топтомолорунда, ошондой эле шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу.

"Бишкексууканал" ишканасы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чаткал районунан 10 мыкты окуучу Кытайга таанышуу сапарына жөнөп кетти

Жалал-Абад облусунда эки унаа жолу убактылуу жабылды

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди