Эки акционер «Ак-Куу» канаттуулар фабрикасынын 98% акциясына ээ болушту

Эки акционер «Ак-Куу» канаттуулар фабрикасынын 98% акциясына ээ болушту

Кыргызстандагы эң ири канаттуулар фабрикаларынын бири “Ак-Куунун” дээрлик 98% акциясын көзөмөлдөө укугу эки адамга өттү. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) билдирүүсүндө айтылат. 

2-декабрдан тарта “Ак-Куу” ААКтын 5%дан ашык баалуу кагаздарына ээлик кылган адамдардын реестринде эки адам пайда болду:

  • Мырзаев Азис Мырзаевич, ал акциялар пакетинде 48.8250% үлүшкө ээ болду
  • Чолпонбаев Чынгыз Мырзаевич, 48.8248% үлүшкө ээлик кылат.

Белгилей кетсек, буга чейин 30-сентябрга карата “Ак-Куу” ААКтын акцияларынын ээси катары 357 акционер катталган. Алардын арасында 5%дан ашык үлүшү бар акционерлер болгон эмес. Компаниянын башкы директору болуп Нургүл Малабаева эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда инфляция 10,3%га чейин жогорулашы мүмкүн – АӨБ

Кыргызстанда инфляция 10,3%га чейин жогорулашы мүмкүн – АӨБ

Азия өнүктүрүү банкынын "Азиянын өнүгүүсүнө сереп – 2026-жылдын апрели" презентациясы 10-апрелде Бишкекте өттү. Иш-чарада банктын Кыргызстандагы туруктуу директору Чжэн Ву жана өлкөдөгү өкүлчүлүктүн башкы экономисти Гүлнур Керимкулова сөз сүйлөштү. Башкы экономист Кыргызстандын макроэкономикалык божомолун тааныштырды. Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, Кыргызстан Борбор Азия жана Кавказ аймагында ИДПнын өсүшү боюнча

Социалдык фонддо пенсияны жаңыча дайындоо системасы июлда ишке кирет

Социалдык фонддо пенсияны жаңыча дайындоо системасы июлда ишке кирет

Социалдык фонд жарандарга курагы боюнча пенсияны онлайн түрүндө дайындоого мүмкүндүк бере турган системаны иштеп чыгууда. Соцфонддун коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Женишбек Мукамбетовбилдиргендей, бул автоматташтырылган маалыматтык система болот. Анын жардамы менен жарандарга документтерди чогултуп, мекеменин бөлүмдөрүнө барып арыз тапшыруунун кереги жок болот. «Эркектер 63 жашка, аялдар 58 жашка

Жаш Гвардия, Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги 64 объект бузулат

Жаш Гвардия, Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги 64 объект бузулат

Жаш Гвардия проспекти менен Лев Толстой көчөсү кесилишинде заманбап эстакадалык көпүрөнү камтыган транспорттук жол айрыгын куруу пландалып жатканын мэрия билдирди. Жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгында 64 объект бузулары аныкталган. Бул объектилердин арасында жеке менчикке таандык жерлер да, ошондой эле убактылуу пайдаланууга берилген муниципалдык объектилер да бар. Мындан тышкары, айрым объектилер Ала-Арча дарыясынын

Кыргызстан айрым жашылчаларды импорттоого тарифтик жеңилдиктерди алды

Кыргызстан айрым жашылчаларды импорттоого тарифтик жеңилдиктерди алды

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө чекене соода үчүн айрым жашылчаларды импорттоодо бажы алымынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдик берди. Анын алкагында Кыргызстан төмөнкү көлөмдө жеңилдик алды: * картошка — 50 миң тоннадан ашпаган; * түстүү капуста жана брокколи — 500 тоннага чейин; * бадыраң — 400 тоннага чейин; * баклажан — 200 тоннага чейин; * таттуу калемпир — 2 миң