Кыргызстанда инфляция 10,3%га чейин жогорулашы мүмкүн – АӨБ

Кыргызстанда инфляция 10,3%га чейин жогорулашы мүмкүн – АӨБ

Азия өнүктүрүү банкынын "Азиянын өнүгүүсүнө сереп – 2026-жылдын апрели" презентациясы 10-апрелде Бишкекте өттү. Иш-чарада банктын Кыргызстандагы туруктуу директору Чжэн Ву жана өлкөдөгү өкүлчүлүктүн башкы экономисти Гүлнур Керимкулова сөз сүйлөштү.

Башкы экономист Кыргызстандын макроэкономикалык божомолун тааныштырды. Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, Кыргызстан Борбор Азия жана Кавказ аймагында ИДПнын өсүшү боюнча лидер бойдон калууда. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 11,1%ды түзгөн.

Ошол эле учурда Кыргызстан инфляциянын өсүшү боюнча субрегиондо эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бирин көрсөтүүдө. Болжолдорго ылайык, 2026-жылы инфляция 10,3%га чейин жогорулап, 2027-жылы 8,5%га чейин төмөндөйт.
Гүлнур Керимкулованын айтымында, инфляция 2024-жылдагы 5%дан 2025-жылы 8,2%га чейин жогорулаган. Энергия ресурстарынын жана импорттун кымбатташы өлкөдөгү товарлар менен кызматтардын баасына түздөн-түз таасир этүүдө. Мындан тышкары, үй чарбаларынын чыгымдарынын жарымы азык-түлүккө туура келет.

Анализге ылайык, баалардын өсүшүнө эң чоң салымды азык-түлүк инфляциясы кошууда. Экинчи орунда — кызмат көрсөтүү тармагы, андан кийин — азык-түлүк эмес товарлар турат.

2026-жылы инфляциянын 10,3%га чейин өсүшү ички суроо-талаптын күчөшү, электр энергиясы жана жылытуу тарифтеринин пландалган көтөрүлүшү жана валюта курсунун өзгөрүшү менен байланыштуу болот. Болжол боюнча, инфляция бүткүл мезгил ичинде Кыргызстандын Улуттук банкы белгилеген 5,0%–7,0% максаттуу диапазондон жогору бойдон кала берет.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин жыйынына катышууда

Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин жыйынына катышууда

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Түркмөнстандын Аваза шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чаранын алдында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Жапаровду тосуп алды. Лидерлер саламдашып, биргелешип сүрөткө түштү. Сүрөткө түшүү аземинде Азербайжан Президенти Ильхам Алиев, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян,

Ишкер Media
Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөндөйт. Буга өлкөдөгү кант заводдорунун өндүрүш көлөмү ички керектөөдөн жогору экени себеп болот. Бул тууралуу Кумшекер кластеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү эки кант заводу ай сайын 20–25 миң тонна кумшекер өндүрөт. Ал эми ички керектөө айына болжол менен 8 миң

Ишкер Media
Партадан башталган стартап

Партадан башталган стартап

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду - “Партадан башталган стартап” атту сынакты уюштурууда. Сынакка билдирүүлөрдү кабыл алуу 2026- жылдын 2- ноябрына чейин созулат. Билдирүүгө караганда, сынак мектепте же колледжде окуп, өз бизнес-идеясын ишке ашырууну кыялданган жаштарга арналат. Сынактын максаты: ·       Мектеп окуучуларынын, орто кесиптик билим

Ишкер Media
Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелип, Түндүк-Чыгыш бажысынын Бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунун инспектору, 1995-жылы туулган Д.М. кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, инспектор Түндүк-Чыгыш бажысы аркылуу “кара металл” деген аталыш менен 98 даана жарыктандыруу мамысынан турган жүктү өткөрүп жиберген.

Ишкер Media