Мигранттарды каражаттарын бизнес ачууга бөлүүгө үйрөтүү керек - Алмаз Алыбаев

Мигранттарды каражаттарын бизнес ачууга бөлүүгө үйрөтүү керек - Алмаз Алыбаев

Чет өлкөлөрдөгү мигранттардын алгачкы толкундары акчаны кыймылсыз мүлк, унаа сатып алууга, тойлорду өткөрүүгө жумшашкан. Эми илимий изилдөө жүргүзүп, мигранттарга каражатты ишкерликти өнүктүрүүгө багыттоого үйрөтүү керек. Мындай пикирди Economist.kg «Миграция. Кыргызстандыктар үчүн ачылган жаңы багыттар» деп аталган темада уюштурулган тегерек столунда Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев билдирди.

Чиновник белгилегендей, мигранттар которгон каражат алардын жакындарына күнүмдүк маселелерди чечүүгө жардам берет. Бирок, бул каражаттар кандай сарпталып жатканын түшүнүү үчүн бийлик иликтөө жүргүзүшү зарыл. Мигранттарды ишкерликти өнүктүрүүгө инвестиция салууга үйрөтсө туура болот.

«Мигранттарга бизнести өнүктүрүүгө каражатты кантип багыттоо керектигин үйрөтүү керек. Экономика министрлигине кайрылсаңыздар болот, ал жерде даяр бизнес-долбоорлор бар», – деп баса белгиледи Алыбаев.

Мындан тышкары окуңуз

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагынын абалы менен таанышты. Анда жетекчилер жеринде өндүрүш аймагынын ишин жандантуу маселелерин талкуулашты. Аймакка электр энергиясын жеткирүү, инвесторлорду тартуу боюнча сунуштар ортого салынды. Учурда аймакка электр энергиясын жеткирүү үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен

А.Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык төлөөгө өтүүгө чакырды

А.Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык төлөөгө өтүүгө чакырды

Курулуш компаниялары бирдиктүү салык төлөөгө өтүшү керектигин Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, бирдиктүү салык системасы курулуш компанияларынын ишин жеңилдетет. Ал эми курулуш компанияларынын өкүлдөрү бирдиктүү салыкка өткөндөн кийин салыктын ставкасы 10%га чейин өсүп кетиши мүмкүн экенине тынчсыздануусун айтышты. Шыкмаматов бирдиктүү

КРнын Президентинин администрациясына келген жарандардын кайрылуулары 32% өстү

КРнын Президентинин администрациясына келген жарандардын кайрылуулары 32% өстү

Эгерде 2025-жылдын жыйынтыгы менен КРнын Президентинин администрациясына келген кайрылуулар 8-9 % азайса, быйыл 1-кварталда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32% көбөйдү. Мындай маалыматты  Биринчи радионун түз эфиринде КРнын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча секторунун инспектору Жайылбек Дадиев билдирди. Анын айтымында, Президенттин администрациясына келген

Жаңы Ош базарына жеке менчик жерлер аркылуу көпүрө, жол салынат

Жаңы Ош базарына жеке менчик жерлер аркылуу көпүрө, жол салынат

Бишкек мэриясынын жетекчилиги, анын ичинде мэр Айбек Жунушалиев, Новопавловка аймагында жаңы Ош базарына баруучу жолду куруу боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Жеринде аткаминерлер келечектеги трасса өтө турган жер тилкелеринин ээлери менен жолугушту. Долбоордо базарга чыгышы бар, көпүрөсү менен толук кандуу жол куруу, ошондой эле аны түндүк айланма жол менен туташтыруу каралган.