КРнын Президентинин администрациясына келген жарандардын кайрылуулары 32% өстү

КРнын Президентинин администрациясына келген жарандардын кайрылуулары 32% өстү

Эгерде 2025-жылдын жыйынтыгы менен КРнын Президентинин администрациясына келген кайрылуулар 8-9 % азайса, быйыл 1-кварталда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32% көбөйдү. Мындай маалыматты  Биринчи радионун түз эфиринде КРнын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча секторунун инспектору Жайылбек Дадиев билдирди.

Анын айтымында, Президенттин администрациясына келген ар бир кайрылуу каттоого алынып, тийиштүү мониторингден өткөрүлүп турат. Ал эми кайрылуулардын көбөйүү себебин адис азыркы учурдагы санариптешүү саясаты менен байланыштырат.

““Түндүк” аркылуу санариптик ыкманын негизинде кайрылуулар көп келип жатат. Ошолорду анализдеп олтуруп, биз өтө кызыктуу деталды аныктадык. Көбүнчө кайрылуулар түнкү саат 3-4тө, таңга маалда жазылат экен. Алардын көбү 1 сүйлөмдөн турган - Президенттин атына жазылган маселелер. Мисалы “менин үйүм жок эле, үй берип коесузбу?”; “кредит алдым эле, ошону төлөп бериңизчи”, “Мал алайын десем акча жок. Берип коесузбу” ж.б. – дейт, Жайылбек Дадиев.

Адистин баамында, кайрылган маселенин көбү каржылоого, турак жай маселесине жана социалдык көйгөйлөргө байланыштуу. Ушундан улам "Президент турак жай берет" же "кредитти төлөп салат" - деген элдин түшүнүгү  “адашуу” экенин, инспектор баса белгиледи.

“Насыя алуунун жеңилдигине жараша жарандар телефон аркылуу 200-300 миңден насыя алып, төлөй албай калышып, “төлөй албай калдым, эми төлөп берип койгула” – деп, Президентке кайрылат. Ошондуктан айтат элем, ар ким насыя алып жатканда төлөө кепилдигин бердиби, демек өзү төлөөгө милдеттүү. Президент сиздин насыяңызды төлөп бербейт” – деп, белгиледи Дадиев.

Бир саатка эсептелген түз эфирдин жүрүшүндө угармандардан 22 кайрылуу катталып, баарына адис жооп берүүгө үлгүрдү. Анын айтымында, маанисиз жана түшүнүксүз кайрылуулардын негизинде мамлекет башчыга келген кайрылуу, арыз-даттануу же сунуштардын саны көбөйүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media