«Асман» шаары курула турган жер тилкеси трансформациядан өттү

«Асман» шаары курула турган жер тилкеси трансформациядан өттү

Бүгүн, 23-декабрда «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында жер тилкелерине жана мыйзамсыз курулган үйлөргө мунапыс берүү, аларды мыйзамдаштыруу боюнча маселе каралды.

Жыйында баяндама жасаган Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов трансформацияланган жерлер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2022-жылы Жер ресурстарынын кызматына кароого – бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча 94 материал келген.

“Жалпы отчеттук мезгилде 396.53 га жер трансформациядан өттү. 4021 га жеке турак-жай куруу категориясына өттү, анын 3143 га “Асман” шаарын курууга даярдалып жаткан жер тилкеси”, – деди Раматов.

Эскерте кетсек, мурда Economist.kg кабарлагандай, «Асман» шаары Ысык-Көл районунун Тамчы айыл өкмөтүнүн аймагында курулары айтылган. Кыргыз бийлиги буга чейин аталган шаарды куруу милдетин Тимур Файзиевге жүктөгөн болчу. Бирок көп өтпөй министрлер кабинети ал чечиминен баш тарткан. Акыркы жолу долбоор Кореялык, Сауд Арабиялык инвесторлорго сунушталган. Бул шаарга болжол менен 20 млрд доллардын тегерегинде акча керектелери да айтылган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлери өтө баштады

Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлери өтө баштады

Ормуз кысыгы аркылуу өткөн деңиз ташуулары жаңы "эки коридорлуу система" аркылуу жүргүзүлө баштаганын Xinhua агенттигине таянып, Kazinform билдирди. Маалыматка ылайык, 5-апрелде кысык аркылуу жалпысынан 11 кеме өткөн. Анын ичинен үчөө кирген, сегизи чыккан. Кирген кемелердин баары мунай ташыган танкерлер болсо, чыккан кемелердин арасында танкерлер менен жүк ташуучу кемелер

Кыргызстанда азык-түлүк баалары: эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Кыргызстанда азык-түлүк баалары: эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Кыргызстанда социалдык жактан маанилүү товарлардын баалары туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын акыркы мониторингинин жыйынтыгында маалымдалды. 2026-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде айрым товарларга баа бир аз өзгөргөн. Тактап айтканда, кумшекер 0,5%га, сабиз 1,4%га кымбаттаган. Адистер муну сезондук фактор менен түшүндүрүшөт. Ал эми

Үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя берилет

Үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя берилет

Кыргызстанда ата мекендик үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү максатында жеңилдетилген каржылоо механизми ишке киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бул демилге Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-мартындагы №191 токтомуна ылайык ишке ашырылууда. Программа бекитилген тизмеге кирген үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына багытталган. Анын алкагында коммерциялык банктар аркылуу жеңилдетилген кредиттер берилет. Негизги шарттарга

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн