Кыргызстанда азык-түлүк баалары: эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Кыргызстанда азык-түлүк баалары: эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Кыргызстанда социалдык жактан маанилүү товарлардын баалары туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын акыркы мониторингинин жыйынтыгында маалымдалды.

2026-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде айрым товарларга баа бир аз өзгөргөн. Тактап айтканда, кумшекер 0,5%га, сабиз 1,4%га кымбаттаган. Адистер муну сезондук фактор менен түшүндүрүшөт.

Ал эми жумуртка 3,3%га, пияз 2,3%га жана күрүч 0,4%га арзандаган. Калган товарлар боюнча баалар дээрлик өзгөргөн эмес.

Мониторинг ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрү жана коңшу мамлекеттер менен салыштырмалуу жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Кыргызстанда көпчүлүк социалдык товарлардын баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн экени белгиленди.

Мисалы:

  • кумшекер Кыргызстанда орточо 77 сом болсо, Тажикстанда 128 сом;
  • күн карама майы — 159,7 сом (Казакстанда 245,5 сом);
  • 1-сорттогу ун — 34,9 сом (Арменияда 85,1 сом).
Этке болгон баалар да Кыргызстанда эң төмөн деңгээлдердин бири бойдон калууда. Уй эти орточо 706 сом, кой эти 711 сомду түзөт.

Ошондой эле өлкөдө 2026-жылдын 2-майына чейин уй жана кой этине убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген.

Күйүүчү майдын баасы да салыштырмалуу төмөн: АИ-92 бензини орточо 75,4 сом, дизель — 80,2 сом.

Адистер белгилегендей, бааларды салыштырууда товарлардын сапаты, көлөмү жана өлчөө бирдиги сыяктуу факторлорду да эске алуу зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 60 килограмм таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 60 килограмм таштанды чыгарылды

27-28-октябрь күндөрү Ысык-Көлдүн акваториясынан 4600 метр эски синтетикалык тор жана 60 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тазалоо иштери Түп районунун Кудургу, Кичи-Өрүктү жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Григорьевка айылдарынын акваториясында жүргүзүлдү. Жалпысынан 2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдөн 56

Ишкер Media
Бишкектеги 70% турак үйлөр жылуулук берүү системасына кошулду

Бишкектеги 70% турак үйлөр жылуулук берүү системасына кошулду

2026-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарында жылуулук берүү мезгили башталды. Кечки саат 20:00гө карата шаардагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн 70%га жакыны жылуулук менен камсыздалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы гидравликалык режимди жөнгө салуу менен бирге абоненттерди жылытуу системасына кошуу боюнча

Ишкер Media
Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media