Уруксаты жок курулган 100 миңден ашык үйдү мыйзамдаштыруу пландалууда

Уруксаты жок курулган 100 миңден ашык үйдү мыйзамдаштыруу пландалууда

Уруксаты жок курулган 100 миңден ашык үй мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев билдирди.

Анын берген маалыматына таянсак, бул жылы президент Садыр Жапаров кол койгон жерге мунапыс берүү боюнча мыйзамга ылайык, 100 миңден ашык мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу пландалууда.

“Ошол эле учурда 32 миң гектардан ашык жер трансформацияланат. Азыр 29.8 миң га жер 143 миң үй-бүлө жашайт. Ал үй-бүлөлөрдүн баары мыйзамсыз курулган үйлөрдө жашашат. Жер тилкелеринин, үйлөрүнүн документтерин ала албай жүргөндөр көп. Мындан тышкары, электр чубалгыларынын, көрүстөн, таштанды таштоочу жайдын жанында жашагандар да арбын”, – деди ал.

Ошондой эле ал жер мунапысы берүү тартиби боюнча жобого ылайык, жерге мунапыс жарыялангандан тартып, эки жылдын ичинде аныкталарын кошумчалады.

Жыйын жер жерлерде мунапыс берүү боюнча койгөйлөр чыгып жаткандыгына байланыштуу, комиссияга жардам берүү жолдорун издөө максатында уюштурулган.

Мындан тышкары окуңуз

Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлери өтө баштады

Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлери өтө баштады

Ормуз кысыгы аркылуу өткөн деңиз ташуулары жаңы "эки коридорлуу система" аркылуу жүргүзүлө баштаганын Xinhua агенттигине таянып, Kazinform билдирди. Маалыматка ылайык, 5-апрелде кысык аркылуу жалпысынан 11 кеме өткөн. Анын ичинен үчөө кирген, сегизи чыккан. Кирген кемелердин баары мунай ташыган танкерлер болсо, чыккан кемелердин арасында танкерлер менен жүк ташуучу кемелер

Кыргызстанда азык-түлүк баалары: эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Кыргызстанда азык-түлүк баалары: эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Кыргызстанда социалдык жактан маанилүү товарлардын баалары туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын акыркы мониторингинин жыйынтыгында маалымдалды. 2026-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде айрым товарларга баа бир аз өзгөргөн. Тактап айтканда, кумшекер 0,5%га, сабиз 1,4%га кымбаттаган. Адистер муну сезондук фактор менен түшүндүрүшөт. Ал эми

Үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя берилет

Үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя берилет

Кыргызстанда ата мекендик үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү максатында жеңилдетилген каржылоо механизми ишке киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бул демилге Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-мартындагы №191 токтомуна ылайык ишке ашырылууда. Программа бекитилген тизмеге кирген үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына багытталган. Анын алкагында коммерциялык банктар аркылуу жеңилдетилген кредиттер берилет. Негизги шарттарга

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн