ЕӨБ: Кыргызстан 2022-жылы Беларусь менен Россияга экспортун эки эсеге көбөйттү

ЕӨБ: Кыргызстан 2022-жылы Беларусь менен Россияга экспортун эки эсеге көбөйттү

2022-жылдын 10 айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын көлөмү болжол менен 67 млрд долларды түздү (өсүү 12.8%). Бул тууралуу Евразия Өнүктүрүү Банкынын (ЕӨБ) отчетунда айтылат.

ЕӨБ талдоочуларынын айтымында, өндүрүш жана логистикалык чынжырлардагы өзгөрүүлөр ЕАЭБдеги кээ бир өлкөлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түздү.

ЕӨБдүн адистери 2022-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Беларуска жана Россияга экспорту тиешелүүлүгүнө жараша 2 жана 2.6 эсеге өскөнүн билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында 9.7 млрд долларды түзүп, 41.2%га өскөндүгү белгиленген. Кыргызстандын товарларын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногуна экспорттоонун өздүк көлөмү 90.8%га, анын ичинде Арменияга – 136.1%га, Беларусияга – 100.5%га, Казакстанга – 17.2%га, Россияга – 161.8%га өскөн.

Мында республикада алтындын экспортунун жалпы көлөмүнүн кыскарышынан улам 23.1%га кыскарган. Номиналдуу түрдө импорт 1.8 эсеге өскөн. Импорттун өсүшүнө негизги салымды Кытайдан (+205.3%) келген товарлар камсыз кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлери өтө баштады

Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлери өтө баштады

Ормуз кысыгы аркылуу өткөн деңиз ташуулары жаңы "эки коридорлуу система" аркылуу жүргүзүлө баштаганын Xinhua агенттигине таянып, Kazinform билдирди. Маалыматка ылайык, 5-апрелде кысык аркылуу жалпысынан 11 кеме өткөн. Анын ичинен үчөө кирген, сегизи чыккан. Кирген кемелердин баары мунай ташыган танкерлер болсо, чыккан кемелердин арасында танкерлер менен жүк ташуучу кемелер

Кыргызстанда азык-түлүк баалары: эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Кыргызстанда азык-түлүк баалары: эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Кыргызстанда социалдык жактан маанилүү товарлардын баалары туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын акыркы мониторингинин жыйынтыгында маалымдалды. 2026-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде айрым товарларга баа бир аз өзгөргөн. Тактап айтканда, кумшекер 0,5%га, сабиз 1,4%га кымбаттаган. Адистер муну сезондук фактор менен түшүндүрүшөт. Ал эми

Үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя берилет

Үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя берилет

Кыргызстанда ата мекендик үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү максатында жеңилдетилген каржылоо механизми ишке киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бул демилге Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-мартындагы №191 токтомуна ылайык ишке ашырылууда. Программа бекитилген тизмеге кирген үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына багытталган. Анын алкагында коммерциялык банктар аркылуу жеңилдетилген кредиттер берилет. Негизги шарттарга

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн