Финансы министринин орун басары Руслан Татиков мас абалында унаа айдап баратып кармалды

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков мас абалында унаа айдап баратып кармалды

Финансы министринин орун басары Руслан Татиковго спирт ичимдигин ичип алып, унаа башкарганы үчүн 17 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу NewTV каналынын «NewTV Патруль» берүүсүндө айтылат.

21-декабрдан 22-декабрга караган түнү саат 3төр чамасында күмүш түстөгү Lexus үлгүсүндөгү унаа рейддин алкагында инспекторлор тарабынан токтотулган. Текшерүүнүн жүрүшүндө рулда отурган мамлекеттик кызматкер – Руслан Татиковдон аралыктан спирт ичимдиги сезилип жатканы байкалгандыктан, аны кызматкерлер Наркология борборуна алып жөнөшкөн.

Тартылган видеодо Татиков инспекторго: “Сенин жетекчиң, сүйлөш” деп телефонун такап жатканы көрүнөт. Татиковдун жубайы, жанында бара жаткан айымдар да кырдаалга аралашып, тартып жаткан инспекторлор менен урушуп, камерасын алууга аракет кылып, жолдошу чоң жумушта иштерин, аны эч ким тартууга укугу жок экенин, эртең тизелеп ыйлай турганын айтып, урушуп жатканын көрүүгө болот.

Татиковду Наркология бөлүмүнө жеткиришкенде ал спирт ичимдигин ичкени аныкталып, ага 17 миң 500 сом айып салынды.

Мындан тышкары окуңуз

Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлери өтө баштады

Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлери өтө баштады

Ормуз кысыгы аркылуу өткөн деңиз ташуулары жаңы "эки коридорлуу система" аркылуу жүргүзүлө баштаганын Xinhua агенттигине таянып, Kazinform билдирди. Маалыматка ылайык, 5-апрелде кысык аркылуу жалпысынан 11 кеме өткөн. Анын ичинен үчөө кирген, сегизи чыккан. Кирген кемелердин баары мунай ташыган танкерлер болсо, чыккан кемелердин арасында танкерлер менен жүк ташуучу кемелер

Кыргызстанда азык-түлүк баалары: эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Кыргызстанда азык-түлүк баалары: эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Кыргызстанда социалдык жактан маанилүү товарлардын баалары туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын акыркы мониторингинин жыйынтыгында маалымдалды. 2026-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде айрым товарларга баа бир аз өзгөргөн. Тактап айтканда, кумшекер 0,5%га, сабиз 1,4%га кымбаттаган. Адистер муну сезондук фактор менен түшүндүрүшөт. Ал эми

Үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя берилет

Үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя берилет

Кыргызстанда ата мекендик үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү максатында жеңилдетилген каржылоо механизми ишке киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бул демилге Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-мартындагы №191 токтомуна ылайык ишке ашырылууда. Программа бекитилген тизмеге кирген үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына багытталган. Анын алкагында коммерциялык банктар аркылуу жеңилдетилген кредиттер берилет. Негизги шарттарга

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн