Ноокат - Кызыл-Кыя унаа жолун оңдоо 2023-жылдын күзүнө чейин бүтүш керек
Президент Садыр Жапаров кечээ, 25-декабрда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ноокат – Кызыл-Кыя унаа жолунун абалы менен таанышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолдун азыркы абалы боюнча жарандардан бир канча арыздар түшкөн.
Жапаров бул автожолду капиталдык оңдоону 2023-жылдын жаз айларында баштап, ошол эле жылдын күзүндө бүтүрүүнү тапшырды.
Ошол эле учурда оңдолгон жолдун сапаты бардык техникалык регламенттерге туура келиши керек.