Баткенде жабыркаган 420 үйдүн экөө гана курулуп бүттү

Баткенде жабыркаган 420 үйдүн экөө гана курулуп бүттү

Баткендеги турак жайларды калыбына келтирип жаткан «Аманат Курулуш Инвест» ишканасы графиктен артта калууда, тагыраак айтканда, эки гана объект толугу менен бүткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен шаарын калыбына келтирүү боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында Мамкурулуштун директору Нуртазин Жетыбаев билдирди.

Комитеттин жыйынына подрядчик компаниянын директору келген жок. Жетыбаев ишкананын жетекчисин өздөрү да таба албай жатышканын айтты.

Финансы министрлиги «Аманат курулуш инвест» ишканасына үч транш менен 1.4 млрд сом бөлүп берген. Жабыркаган 420 үйдүн ичинен эки гана турак-жай объектиси бүгүнкү күнгө чейин толук калыбына келтирилген.

Депутаттар компанияны графиктен артта калганы үчүн жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.

Белгилей кетсек, Баткен шаарында 1 үй, Баткен районунда 315 үй, Лейлек районунда 104 үй курулушу керек.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын