Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган актуалдуу чаралар каралды.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен катар айыл чарба жана тамак-ашты кайра иштетүү тармагындагы 33 ишкананын жана экспорттоочулардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын алкагында министрлик тарабынан Кытай Эл Республикасы менен экспорт жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жана CIFER системасы менен иштөө тартиби боюнча маалымат берилди. Ал эми "Кыргыз Экспорт" ачык акционердик коомунун өкүлдөрү Европалык Биримдиктин REX системасынын иштөө механизмин тааныштырышты. Ошондой эле талкууга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында тараптар экспорттун көлөмүн көбөйтүү, ата мекендик продукциянын тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана бул багыттагы кызматташууну күчөтүү маанилүү экенин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 60 килограмм таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 60 килограмм таштанды чыгарылды

27-28-октябрь күндөрү Ысык-Көлдүн акваториясынан 4600 метр эски синтетикалык тор жана 60 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тазалоо иштери Түп районунун Кудургу, Кичи-Өрүктү жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Григорьевка айылдарынын акваториясында жүргүзүлдү. Жалпысынан 2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдөн 56

Ишкер Media
Бишкектеги 70% турак үйлөр жылуулук берүү системасына кошулду

Бишкектеги 70% турак үйлөр жылуулук берүү системасына кошулду

2026-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарында жылуулук берүү мезгили башталды. Кечки саат 20:00гө карата шаардагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн 70%га жакыны жылуулук менен камсыздалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы гидравликалык режимди жөнгө салуу менен бирге абоненттерди жылытуу системасына кошуу боюнча

Ишкер Media
Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media