Каракол КМШдагы эң популярдуу 5 лыжа курортторунун катарына кирди
Turstat.com. порталы жүргүзгөн рейтингге ылайык, Каракол 2023-2022-жылдардагы КМШдагы эң популярдуу 5 лыжа курортторунун катарына кирди.
Порталдын рейтингиндеги алдыңкы үчтүктүн катарын Казакстандын Шымбулак жана Армениянын Цахкадзор тоо-лыжа курорттору толуктады.
1. Шымбулак, Алматы, Казахстан
2. Каракол, Кыргызстан
3. Цахкадзор, Армения
4. Чимган, Өзбекстан
5. Шахдаг, Азербайджан.
Рейтинг КМШ өлкөлөрүндөгү лыжа базаларынын популярдуулугун изилдөөнүн жыйынтыгы менен чыгарылган.
Каракол лыжа базасы Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында жайгашкан. Ал Бишкек шаарынан 400 км, Каракол шаарынан 7 км алыстыкта жайгашкан.