Оштогу «Сапат» мектеби салыктан бошотулган - бирок учурда 7 млн сом салык боюнча соттошууда
Оштогу “Сапат” мектеби салык төлөөдөн качып жатат. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин бүгүнкү жыйынында айтылганын kyrgyz.news порталы билдирди.
Порталдын берген маалыматына таянсак, жыйында депутаттар Бекболот Арзибаев жана Эсенбек Арзиев, эмне үчүн мамлекеттик имараттарда жайгашкан “Сапат” мектептери ижара акысын төлөбөй жатканын сураган.
Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Төрөбеков бул маселе боюнча соттук териштирүү болуп жатканын, “Сапат” мектептери 7 млн сом төлөбөш үчүн соттошуп жатканын айткан.
Муну менен катар Төрөбеков 2015-жылы Ош шаардык кеңеши “Сапат” мектептерин ижара акысын төлөөдөн бошотуп салганы тууралуу маалымат берди.