«Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин акциялары 2.5 эсеге кыскартылды
Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматы 19-декабрдан 23-декабрга чейин “Улуу көчмөндөр мурасы” Улуттук холдинг компаниясынын акцияларынын санын 2.5 эсеге кыскартты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Холдингде 2.4 миллиондон ашык акция бар эле, эми алардын саны 1 млн нускага чейин кыскарды.
Эскерте кетсек, министрлер кабинети улуттук холдингди жоюу жараянын баштаган. Бирок анын уставдык капиталындагы 3.4 млрд сомдун 2.7 млрд сому гана бюджетке кайтарылары белгилүү болгон. Ошондой эле «Улуу көчмөндөр мурасын» жоюуга 650 млн сом сарпталат.