Кыргызстанда унаалар он күндүн ичинде 500-3000 долларга чейин кескин кымбаттады

Кыргызстанда унаалар он күндүн ичинде 500-3000 долларга чейин кескин кымбаттады

“Марал” радиосунун журналисттери унаалардын баасы тууралуу Бишкектеги авто базарга барып, атайын репортаж жасашкан.

Алар жүргүзгөн сурамжылоодо базардагы унаа алып саткан жарандар акыркы 10 күндүн ичинде автоунаалардын баасы кескин көтөрүлүп кеткенин айтышкан. Унаалардын кымбатташына пандемиянын таасири жана оң рулдуу унааларды алып келүүгө чек коюлганы себеп болгон.

Ал эми статистикалык маалыматтарда унаа бир айдын ичинде 200 доллардан 1500 долларга чейин кымбаттаганы айтылат.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын он айында Кыргызстанга автоунаалардын импорту 29 миң 110 даананы түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда дээрлик үч эсе көп. Алардын көбү Грузия, Корея жана Россиядан алынып келген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы эмгек акылар 2 этап менен жогорулайт

Кыргызстанда 2026-жылы эмгек акылар 2 этап менен жогорулайт

2026-жылы айлык акылар эки этап менен көбөйтүлөрүн кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик телеканалдарга берген маегинде билдирди. Анын айтымында маяналар 50 пайызга чейин жогорулайт.  "Эмки 2026-жылга чоң пландарды койдук. Айлык акылар эки этап менен көбөйтүлөт. Биринчи этаптан баштап мугалим, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин жана тейлөө кызматкерлеринин айлыгын 50%дан

Өлкө бюджети социалдык багыттан өнүктүрүү багытына өттү

Өлкө бюджети социалдык багыттан өнүктүрүү багытына өттү

Кыргызстандын бюджети социалдык сектордон - өнүктүрүү багытына өткөнүн МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев телеканалдарга берген маегинде билдирди. "Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү жыл башында 430 млрд сом деп белгиленсе, учурда бул көрсөткүч 605,5 млрд сомго жетти. Ал эми ресурстарды кошкондо бюджет 585 млрд сомдон 939 млрд сомго чейин көбөйдү"

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

2020-жылдан 2025-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети алты эседен ашык өстү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Бул өсүш куткаруучулардын айлык акысынын жогорулоосуна жана коопсуздукту күчөтүүгө түздөн-түз таасир берди, - деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, 2020-жылы министрликтин чарбалык субъекттери 3,9 млн сом зыян менен иштесе, учурда 240,8 млн

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу жаңы бассейндин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Адылбек Касымалиев өлкөнүн ирригация тармагын өнүктүрүү – өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жыл сайын республикалык бюджеттен 1 млрд сомдон 3 млрд сомго