Министрлер кабинети президенттин катышуусунда бүгүн отчет беришет
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны болот. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Жыйында минкабдын 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, ошондой эле 2023-жылга иш планы каралат.
Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, минкабдын мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат.
Минкабдын жыйыны УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт. Көрсөтүү саат 14:00дө башталат.