Монголиянын Hunnu Air авиакомпаниясы Улан-Батор – Бишкек – Шарджа жаңы чартердик каттамын ачты
2022-жылдын 30-декабрынан баштап Монголиянын Hunnu Air авиакомпаниясы Улан-Батор – Бишкек – Шарджа багыты боюнча жаңы чартердик каттамды ачат. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, каттам жумасына бир жолу жума күндөрү (2022-жылдын 30-декабрында, 2023-жылдын 6, 13, 20 жана 27-январында), кайрадан артка Шарджа – Бишкек – Улан-Батор багыты менен ишемби күндөрү учат.