Салык кызматы КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасын ишке киргизди

Салык кызматы КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасын ишке киргизди

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын декабрынан тартып кошумча нарк салыгын башкарууну өркүндөтүү максатында “КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасы” (“КНС” системасы) аналитикалык системасын ишке киргизди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Системаны ишке киргизүүнүн аркасында Салык кызматы отчеттук маалыматтарда 277 млн сом суммасындагы КНСтин дал келбестигин аныктаган, анын ичинен өлкөнүн бюджетине 40 млн сомдон ашык каражат келип түшкөн.

“КНС” системасы фискалдык маалыматтарды автоматтык режимде иштеп чыгуучу аналитикалык платформаны жана аналитикалык инструментти билдирет.

“КНС” системасы отчетторго, электрондук эсеп-фактураларга жана товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучу (жеткирүүчү) тарабынан таризделген башка баштапкы документтерге салык инспекторлорунун кийлигишүүсүз автономдуу режимде талдоо жүргүзөт. “КНС” системасы айырмачылыктарды эсептейт жана иштеп чыгат, КНС боюнча тобокелдик деңгээлин эсептейт, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн байланыштарын визуалдаштырат.

Системанын жардамы менен салык кызматкерлери КНСти эсептөөнүн, төлөөнүн тууралыгын жана толуктугун контролдой алышат, анын ичинде КНСтин отчеттуулугу боюнча салык төлөөчүлөргө камералдык салык текшерүүлөрүн жүргүзө алышат. КНС КАСты колдонуу салык төлөөчүлөрдүн операцияларынын ортосундагы дал келбестиктерди ыкчам жана натыйжалуу табууга мүмкүнчүлүк түзөт.

“КНС” системасын киргизүү маалыматтарды текшерүү жана талдоо убактысын кыйла кыскартат, салыктык башкарууну жеңилдетет, салык кызматкерлеринин ишкерлер менен байланышын азайтат”, – дейт Салык кызматы.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын