МИКте 17 миң жаран катышып жатат, анын ичинде 8 миң жаран банктардын тизмесинде турат

МИКте 17 миң жаран катышып жатат, анын ичинде 8 миң жаран банктардын тизмесинде турат

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компанияда (МИК) 17 миң 188 жаран катышып жатат, анын ичинде 8 миң 162 жаран банк-партнерлордун тизмесинде турат жана каржылоону күтүшүүдө.

Бул тууралуу  Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев минкабдын отчеттук жыйынында билдирди. Анын айтымында, жарандарга турак жай сатып алуу үчүн ипотекалык насыяларды берүү улантылууда.

“2022-жылдын жыйынтыгы менен МИК тарабынан 4.6 млрд сом суммасында 1 миң 781 ипотекалык насыя берилди. Ошентип, мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында ипотекалык компаниянын портфели 9.5 млрд сомго барабар болду.

Пайыздык ставкаларга токтолуп кетсек, мамлекеттик кызматкерлер үчүн жылдык пайыздык ставкасы 4%га түшүрүлдү, ал эми калган жалпы жарандарга 8% менен берүү каралган”, – деди ал.

Ошондой эле ал мигранттарды турак жай сактык компаниясы механизми аркылуу турак жай менен камсыздандыруу механизми иштелип чыгып, 2023-жылдан баштап ишке киргизилерин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

2020-жылдан 2025-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети алты эседен ашык өстү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Бул өсүш куткаруучулардын айлык акысынын жогорулоосуна жана коопсуздукту күчөтүүгө түздөн-түз таасир берди, - деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, 2020-жылы министрликтин чарбалык субъекттери 3,9 млн сом зыян менен иштесе, учурда 240,8 млн

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу жаңы бассейндин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Адылбек Касымалиев өлкөнүн ирригация тармагын өнүктүрүү – өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жыл сайын республикалык бюджеттен 1 млрд сомдон 3 млрд сомго

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт 2025-жылдын миграциялык абалы жана кыргызстандыктардын укуктарын коргоо чаралары тууралуу брифингде маалымат берди. Ага ылайык, 2025-жылдын декабрына карата чет өлкөлөрдө 798 400дөн ашык кыргызстандык жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда (341 094), ошондой эле АКШда (60 миң), Германияда (15 миң), Кореяда

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Ноябрь айында Бишкек шаарында кыймылсыз мүлктүн 1 чарчы метринин орточо баасы сегменттер боюнча олуттуу айырмаланганын Жер ресурстары боюнча агенттиктин маалыматы көрсөттү. Эң жогорку көрсөткүчтөр турак үйлөр сегментинде катталган, ал эми эң төмөнкү баалар социалдык жана административдик кыймылсыз мүлккө тиешелүү. Бишкек шаарында 1 чарчы метрдин орточо баасы сом менен: * Турак жай