«Манас» аэропорту 5-миллионунчу жүргүнчүсүнө 100 миң сомдук сертификат тапшырды

«Манас» аэропорту 5-миллионунчу жүргүнчүсүнө 100 миң сомдук сертификат тапшырды

Жаңы жылдын алдында, 2022-жылдын 29-декабрында, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы биринчи жолу 5-миллионунчу жүргүнчүсүн тейледи. Бул тууралуу өлкөнүн башкы аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Юбилейлик жүргүнчү деп «МЭА» ААКнын маалымат базасында катталып, Иркутск шаарынан «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын каттамы менен келген жаран табылган.

Бул маанилүү  жетишкендикти белгилөө үчүн «Манас 2» аэробекеттик комплексинде салтанаттуу иш-чара өткөн. 5-миллионунчу жүргүнчүнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров, «МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы – башкы директору Манасбек Самидинов, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын өкүлдөрү тосуп алышкан.

Жүргүнчүлөр үчүн күтүүсүз болгон иш-чаранын алкагында ийгилик Абай кызы Наркизага жылмайып, ал 5-миллионунчу жүргүнчү аталды. Манасбек Самидинов аталган жүргүнчүгө «МЭА» ААКнын корпоративдик белектерин жана 100 миң сомдук сертификат тапшырды.

Абай кызы Наркизага «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын жана «МЭА» ААКнын туунду ишканаларынын өкүлдөрү да баалуу белектерин тапшырышты. «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын коммерциялык директору Мээрим Садыкова 5-миллионунчу жүргүнчүгө 2 акысыз билет тапшырды. «Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАКсы юбилейлик жүргүнчүгө «Манас» аэропортунун VIP-залында акысыз тейленүү мүмкүнчүлүгүн белек катары тартуулады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын