Шашылыш билдирүү: 3-5-январь күндөрү кар көчкүлөрү күтүлөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 3-январдан 5-январга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкүлөрү түшүүсү мүмкүн экенин билдирди.
ӨКМ “Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу” автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында, “Ала-Бука – Каныш-Кыя” автоунаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана “Красная-Горка – Акташ” автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөрүн жана жолдор тайгак болорун эскертти.
“Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл! Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз”, – дейт министрлик.