Жазында Сокулукта 8 га жерге жаңы мал базардын курулушу башталат

Жазында Сокулукта 8 га жерге жаңы мал базардын курулушу башталат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

«Мен бир жыл мурун өлкөнүн бардык мал базарларында тартипти орнотуу зарылдыгы тууралуу тапшырма бергем. Көпчүлүк базарларда андан бери жагдай жакшы жагына өзгөрдү. Базарлардын администрациясы сатуучуларга жана сатып алуучуларга зарыл шарттарды түзүп берген. Ал эми Сокулук районунун аймагында жайгашкан мал базардын абалы өтө начар бойдон калууда. Жакынкы күндөрү базарды иретке келтирүү керек. Болбосо, азыркы кырдаалга көз жумган базар ээлерине да, жергиликтүү аткаминерлерге карата дагы чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек», – деди ал. 

Андан соң Жапаров 8 га аянтта куруулуучу жаңы заманбап мал базардын курулуш долбоору менен таанышты.  

«Бул объектте толук кандуу курулуш иштери ушул жылдын жаз айларында башталышы керек. Министрлер кабинети Сокулук районундагы жаңы мал базары үстүбүздөгү жылы ишке киришүүсү үчүн аны куруу долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөтөт», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда QR төлөм жүгүртүүсү бир жылда 10 эсеге көбөйгөн

Кыргызстанда QR төлөм жүгүртүүсү бир жылда 10 эсеге көбөйгөн

Кыргызстанда QR-төлөмдөрдүн жүгүртүүсү рекорддук көрсөткүчкө жеткенин Улуттук банк билдирди. Жөнгө салуучунун маалыматына ылайык, 2025-жылы соода жана тейлөө ишканаларында 114,1 миң QR-код орнотулган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 95,3%га көп. Негизги оператор аркылуу бир жыл ичинде 908,6 млрд сом суммасында 525,1 млн транзакция жүргүзүлгөн. 2024-жылга салыштырмалуу операциялардын саны

Акыркы 5 жылда бюджет мүмкүнчүлүктөрү 3,5 эсеге кеңейди

Акыркы 5 жылда бюджет мүмкүнчүлүктөрү 3,5 эсеге кеңейди

2021-2025-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын консолидацияланган бюджетинин ресурстары туруктуу өсүштү көрсөттү. Тактап айтканда, көрсөткүчтөр 313,1 млрд сомдон 1 101,4 млрд сомго чейин көбөйүп, беш жыл ичинде 3,5 эсеге өстү. Бул фискалдык саясаттын натыйжалуулугун жана мамлекеттик киреше булактарынын олуттуу кеңейгенин тастыктайт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматтарга ылайык, мамлекеттик

АКШ   Бириккен улуттар уюмуна дээрлик 4 млрд доллар карыз

АКШ Бириккен улуттар уюмуна дээрлик 4 млрд доллар карыз

БУУ Американын дээрлик 4 млрд доллар карызынын канча бөлүгүн Трамптын администрациясы төлөй турганын жана ал качан берилерин тактоону күтүп жатканын билдирди деп маалымдайт Kazinform. Өткөн жумада БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш уюмдун финансылык эрежелери өзгөртүлбөсө же 193 мүчө мамлекет өз мүчөлүк акыларын төлөбөсө, БУУ жакын арада финансылык кризиске кабыларын эскертти.

Өлкө аймагында жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Өлкө аймагында жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, унаа жолдорунда тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жана жол тазалоо жумуштары аткарылууда. 2026-жылдын 11-февралы, саат 17:00гө карата айрым ашууларда бороон болуп,