Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареялары акысыз берилет - «Нур Кубат» пилоттук долбоору ишке кирет

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареялары акысыз берилет - «Нур Кубат» пилоттук долбоору ишке кирет

Эмгек министрлиги, Энергетика министрлиги менен биргеликте “Нур Кубат” долбоорун ишке ашырууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Энергетика министрлигинин өкүлдөрү жана кызыкдар тараптар менен жолугушууда билдирди.

Жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнү күчөтүү максатында аталган министрлик 2023-жылы Энергетика министрлиги менен бирдикте “Нур Кубат” долбоорун пилоттук режимде ишке ашырууну пландап жатат.

“Нур Кубат” долбоорунун алкагында “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган Чүй облусунун Чүй жана Жайыл райондорунда жашаган үй-бүлөлөргө кубаттуулугу 5-10 кВт/ч күн батареялары акысыз берилет. Ошол эле учурда, күн батареялары иштеп чыккан бардык электр энергиясы жөлөкпул алуучулар тарабынан колдонулат, ал эми ашыкчасы мамлекет тарабынан сатылып алынат”, – деди министр.

Пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, Эмгек министрлиги, Энергетика министрлиги менен биргеликте “Нур Кубат” долбоорун республика боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жайылтуу ниетинде.

Азыркы учурда жалпы “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпул алуучулардын саны республика боюнча 106.7 миң үй-бүлөнү түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын