Эгерде ишкер кээ бир мыйзамдарды билбей калса, мамлекеттик органдар биринчи консультация бериш керек - бизнес-акыйкатчы

Эгерде ишкер кээ бир мыйзамдарды билбей калса, мамлекеттик органдар биринчи консультация бериш керек - бизнес-акыйкатчы

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысынын милдетин аткаруучу Нурлан Мүсүралиев “Биринчи радиого” бизнес менен мамлекеттик текшерүү органдарынын ортосундагы кызматташуу тууралуу пикирлерин билдирди.

Анын айтымында, Экономика министрлигинин алдында кандайдыр бир жумушчу топ түзүлүшү керек жана ага эксперттер, мамлекеттик органдардын, бизнес ассоциациясынын өкүлдөрүн киргизиш керек.

“ЖМКларда айрым мамлекеттик органдар “мынча ишкер текшерилип, баланча айып пул салынды” деп өздөрүнүн отчетторун берип жатышат. Бул туура эмес.

Биринчиден, текшерүү органдары менен бизнестин ортосунда өнөктөштүк болуш керек. Мисалы, ишкер кандайдыр бир мыйзам базасын, укуктарын же милдеттенмелерин билбей калса, сөзсүз мамлекеттик текшерүү органдары консультация берип, иш алпарыш керек. Ишкер кайсы жагынан туура эмес кылып жатат, түшүндүрүү зарыл. Эгерде ишкер ошондон кийин дагы мыйзамдарды бузса, анда айып пул салыш керек. Бирок биринчи консультация берилиш керек”, – деди Мүсүралиев.

Белгилей кетсек, радионун берүүсүндө 2023-жылдын 1-январынан тарта ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий жөнүндө талкуу болду. Ал жарлыктын алкагында өкмөттүн токтому чыгат жана ал жакынкы күндөрү расмий жарыяланары күтүлүүдө. Ага ылайык, ишкерлер мамлекеттик текшерүүдөн бошотулмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда QR төлөм жүгүртүүсү бир жылда 10 эсеге көбөйгөн

Кыргызстанда QR төлөм жүгүртүүсү бир жылда 10 эсеге көбөйгөн

Кыргызстанда QR-төлөмдөрдүн жүгүртүүсү рекорддук көрсөткүчкө жеткенин Улуттук банк билдирди. Жөнгө салуучунун маалыматына ылайык, 2025-жылы соода жана тейлөө ишканаларында 114,1 миң QR-код орнотулган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 95,3%га көп. Негизги оператор аркылуу бир жыл ичинде 908,6 млрд сом суммасында 525,1 млн транзакция жүргүзүлгөн. 2024-жылга салыштырмалуу операциялардын саны

Акыркы 5 жылда бюджет мүмкүнчүлүктөрү 3,5 эсеге кеңейди

Акыркы 5 жылда бюджет мүмкүнчүлүктөрү 3,5 эсеге кеңейди

2021-2025-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын консолидацияланган бюджетинин ресурстары туруктуу өсүштү көрсөттү. Тактап айтканда, көрсөткүчтөр 313,1 млрд сомдон 1 101,4 млрд сомго чейин көбөйүп, беш жыл ичинде 3,5 эсеге өстү. Бул фискалдык саясаттын натыйжалуулугун жана мамлекеттик киреше булактарынын олуттуу кеңейгенин тастыктайт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматтарга ылайык, мамлекеттик

АКШ   Бириккен улуттар уюмуна дээрлик 4 млрд доллар карыз

АКШ Бириккен улуттар уюмуна дээрлик 4 млрд доллар карыз

БУУ Американын дээрлик 4 млрд доллар карызынын канча бөлүгүн Трамптын администрациясы төлөй турганын жана ал качан берилерин тактоону күтүп жатканын билдирди деп маалымдайт Kazinform. Өткөн жумада БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш уюмдун финансылык эрежелери өзгөртүлбөсө же 193 мүчө мамлекет өз мүчөлүк акыларын төлөбөсө, БУУ жакын арада финансылык кризиске кабыларын эскертти.

Өлкө аймагында жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Өлкө аймагында жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, унаа жолдорунда тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жана жол тазалоо жумуштары аткарылууда. 2026-жылдын 11-февралы, саат 17:00гө карата айрым ашууларда бороон болуп,