Төө-Ашууда альтернативдик тоннель курууга инвесторлор изделүүдө - долбоор 234 млн доллар турат
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев «Биринчи радиого» берген маегинде Мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен биргеликте бир канча долбоорлорду ишке ашыруу багытында жумуштар жасалып жатканын айтты.
Анын айтымында, учурда Алматы – Чолпон-Ата, Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелге альтернативдик тоннель куруу боюнча кагаздар даярдалып, курууга инвесторлор, өнөктөштөр изделип жатат.
“Андан тышкары, Сокулук, Суусамыр автожолунун курулушу жана тоннель куруу боюнча да иштер жүрүп жатат”, – деди ал.
Эскерте кетсек, буга чейин МЖӨ борбору Төө-Ашууда альтернативдик тоннель куруу долбоору 234 млн долларга, ал эми Түндүк айланма жолун реконструкциялоо 210 млн долларга бааланганын жана бул долбоорлор 2023-жылы ишке ашырыла турганын билдирген болчу.