1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты

1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты

2022-жылы 1524 адам турак жай кооперативинин алдамчылыгынан жапа чеккен. Жалпысынан алар дээрлик 902 млн сомдук зыян тартышкан. Бул тууралуу ИИМдин маалыматы боюнча “Кабар” агенттиги билдирет.

2022-жылдын 12 айында турак жай-курулуш кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча «Ак үй КЖ», «Жилье гарант», «Элдик Групп», «Ихсан Групп ЛТД», «Береке ЛТД», «Дарим Хаус», «Ордо-Мурас», «М строй групп», «S-Line», «Биринчи турак-жай кооперативи», «Ансар», «Ипотека», «МПК кооперативи», «Нью миллениум», «Эл биримдиги» ишканаларына карата 16 арыз жана даттануулар келип түшкөн.

Алдангандардын саны – 1 миң 524 адам. Келтирилген материалдык чыгым 901 млн 726 миң сомдон ашык. Учурда 108 млн 855 миң сомдон ашык чыгымдын орду толтурулду.

«Турак жайга суроо-талап көп болгондуктан, кыймылсыз мүлк рыногунда ар кандай түрдөгү жана формадагы сунуштар көбөйүүдө. Бирок алардын баары эле сатып алуучулардын таламдарын коргобойт. Мыйзам коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативдерин түзүүгө тыюу салбайт, бирок кыймылсыз мүлк рыногунда ишмердүүлүгү финансылык пирамидага окшош кооперативдердин болушу тынчсыздандырат», – деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Мэрия: Мектепке жасалма каттоо мыйзам бузуу болуп саналат

Мэрия: Мектепке жасалма каттоо мыйзам бузуу болуп саналат

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти ата-энелерди балдарын белгилүү мектептерге киргизүү максатында жасалма каттоого (пропискага) жол бербөөгө чакырат. Маалыматка ылайык, мектептен орун алуу үчүн каттоону сатып алуу же жасалма түрдө уюштуруу фактылары текшерүүгө алынат. Өткөн окуу жылында бир дарек боюнча бир нече үй-бүлө катталган учурлар аныкталган. Мындай мыйзам бузуу үчүн

Бишкекте интернет байланышы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Бишкекте интернет байланышы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Бишкек шаарында интернет байланыш операторлоруна зымдарды кыска мөөнөттө жер алдына көчүрүү талабы коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын байланыш операторлор ассоциациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27- мартта Бишкек мэриясы интернет операторлоруна эки күндүн ичинде байланыш зымдарын жер алдына өткөрүүнү тапшырган. Бул чечим “ачык асман” долбоорунун алкагында кабыл алынган. Аталган долбоор Шанхай кызматташтык уюмунун

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктады

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктады

Президент Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү аяктоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү 2025-жылдын үлгүсүндөгү жаңы күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу өнөктүгү 2026-жылдын 31-мартында жыйынтыкталды. Ошол эле учурда, 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин мындай күбөлүктөрдү белгиленген тартипте алмаштыруу улантылат. Бул учурда медициналык

Бишкекте 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 31-март күнү саат 20:00дөн тартып 1-апрель саат 12:00гө чейин 7-апрель көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Шоокум көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Чектөө жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштерине байланыштуу киргизилүүдө. Ушуга байланыштуу айрым автобустук каттамдардын кыймыл схемасы да убактылуу өзгөртүлөт. Шаар тургундары