Мэрия: Мектепке жасалма каттоо мыйзам бузуу болуп саналат

Мэрия: Мектепке жасалма каттоо мыйзам бузуу болуп саналат

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти ата-энелерди балдарын белгилүү мектептерге киргизүү максатында жасалма каттоого (пропискага) жол бербөөгө чакырат.

Маалыматка ылайык, мектептен орун алуу үчүн каттоону сатып алуу же жасалма түрдө уюштуруу фактылары текшерүүгө алынат. Өткөн окуу жылында бир дарек боюнча бир нече үй-бүлө катталган учурлар аныкталган.

Мындай мыйзам бузуу үчүн жоопкерчилик каралган.

Департамент ошондой эле бардык мектептерде окуу программалары мамлекеттик стандарттарга ылайык бирдей экенин эскертет. Бул жагынан алганда, баланын кайсы мектепте окуганы эмес, анын коопсуздугу, саламаттыгы жана ыңгайлуулугу маанилүү.

Ушуга байланыштуу ата-энелерге балдарын жашаган жерине жакын жайгашкан мектептерге берүү сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Эгемендүүлүктүн 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленет

Эгемендүүлүктүн 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленет

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 36 жылдыгы келерки жылы Нарын облусунда белгиленет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган жыйынтыктоочу иш-чарада билдирди. Мамлекет башчысынын катышуусунда Талас шаарында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган масштабдуу майрамдык иш-чара өттү. Анын алкагында "Тарых изи: жаралуудан келечекке" аттуу театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды. Көрсөтүүдө

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч