Бизнес кылабыз деп 1 млн доллар алып, бербей койгон - ИИМ Жеңиш Разаковду камакка алды

Бизнес кылабыз деп 1 млн доллар алып, бербей койгон - ИИМ Жеңиш Разаковду камакка алды

Ички иштер министрлиги КРнын мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаков “алдоо жолу менен 1 млн доллар алып, бербей койгон” деген факты боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатканын билдирди.

2022-жылдын сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына Б.А. деген жаран кайрылып, мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранып, арызын жазган.

Жабырлануучунун жазган арызында 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 млн АКШ долларын алып бербей койгондугун билдирген.

2022-жылдын 1-октябрында ага карата (алдамчылык) менен иш козголгон. ИИМдин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 24-январында Жеңиш Разаков кармалып, Бишкек шаарынын ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кечээ, 26-январда ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулду. Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы аныкталып, 2023-жылдын 24-февралына чейин №1 тергөө абагына камакка алынды. Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө процесстери уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Мэрия жыл бою иштөөчү теннис паркын курууга жеке өнөктөш тапты

Мэрия жыл бою иштөөчү теннис паркын курууга жеке өнөктөш тапты

Бишкек шаарында "Тай-Брейк" кортторунун базасында "Теннис Парк" жыл бою иштээрлик теннис комплексин реконструкциялоо жана куруу" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору үчүн жеке өнөктөш тандоо конкурсу өткөнүн муниципалитеттин маалымат кызматы маалымдады. Конкурстун экинчи баскычына катышууга  "Теннис Парк" ЖЧКсы компаниясы кабыл алынып, өзүнүн каржылык жана техникалык

2025-жылы Туризм фондунда 56,1 млн сом дебитордук карыз кайтарылган

2025-жылы Туризм фондунда 56,1 млн сом дебитордук карыз кайтарылган

Бишкекте бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде министрликтин коллегиясы болуп, анда "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун" 2025-жылга карата ишмердүүлүгү талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Фонддун башкы директору Адилет Джанузаков акыркы жылдары фонд ишмердүүлүгүн башкаруунун жаңы моделине өтүп, каржылык тартипти бекемдөөгө жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга басым жасалганын билдирди. Финансылык

Өлкө башчы УКМКнын орун басарларын кызматтан бошотту

Өлкө башчы УКМКнын орун басарларын кызматтан бошотту

Президент Садыр Жапаров УКМКнын бардык орун басарларын кызматтан бошотту. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын бир нече орун басары кызматтан бошотулган. Атап айтканда, кызматтан бошотулган адамдар: * УКМКнын биринчи орун басары Курванбек Авазов; * УКМКнын орун басары, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору Даниэль Рысалиев; * УКМКнын орун басары, Антитеррордук борбордун директору

Быйыл Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулат

Быйыл Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулат

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Ош шаарында курула турган жаңы мектептер боюнча жумушчу жыйын өттү. Ош шаардык мэриясынан билдиргендей, жыйында 2026-жылы курулушу пландалган 10 мектептин долбоорлору, курулуш аймактары, инфраструктуралык камсыздоо, курулуш иштеринин этаптары жана мөөнөттөрү талкууланды. Жер тилкелеринин