2024-жылдан тартып маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырат

2024-жылдан тартып маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырат

2023-жылдын жыйынтыгы менен 2024-жылы расмий түрдө маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырууга милдеттүү болот. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бирдиктүү салык декларациясы үч этап менен киргизилүүдө.

“Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун алгачкы этабы жүрүүдө. Бюджеттен каржыланган кызматкерлер, мамлекеттик, муниципалдык мекемелерде иштегендер, доктур, мугалимдер быйыл 1-майга чейин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын тапшырышы керек. Мындан тышкары, чыгашасы 300 миңден ашкандар жана эл аралык ишканалардын кызматкерлери дагы буларга кошулат. Бул биринчи этабы болуп эсептелет.

Экинчи этабында 2023-жылдын жыйынтыгы менен 2024-жылы расмий түрдө маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырууга милдеттүү болот. Ал эми үчүнчү этапта, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 2026-жылы жумушсуздар, пенсионерлер, студенттер, жалпы жарандар салык декларациясын бериши шарт.

Бул өнөктүк жарандардын кирешесин, катталган мүлкүн аныктаганга шарт түзөт. Мындан тышкары, көмүскөдөгү каражаттарды ачыктаганга жол ачат. Жалпы жарандар бирдиктүү салык декларациясын тапшырса мүлкүн башкага каттатып коюу көйгөйү токтойт”, — деди Ысабеков.

Ошондой эле ал салык декларациясын толук киргизүү буга чейин бир нече ирет жылдырылганын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Мэрия жыл бою иштөөчү теннис паркын курууга жеке өнөктөш тапты

Мэрия жыл бою иштөөчү теннис паркын курууга жеке өнөктөш тапты

Бишкек шаарында "Тай-Брейк" кортторунун базасында "Теннис Парк" жыл бою иштээрлик теннис комплексин реконструкциялоо жана куруу" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору үчүн жеке өнөктөш тандоо конкурсу өткөнүн муниципалитеттин маалымат кызматы маалымдады. Конкурстун экинчи баскычына катышууга  "Теннис Парк" ЖЧКсы компаниясы кабыл алынып, өзүнүн каржылык жана техникалык

2025-жылы Туризм фондунда 56,1 млн сом дебитордук карыз кайтарылган

2025-жылы Туризм фондунда 56,1 млн сом дебитордук карыз кайтарылган

Бишкекте бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде министрликтин коллегиясы болуп, анда "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун" 2025-жылга карата ишмердүүлүгү талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Фонддун башкы директору Адилет Джанузаков акыркы жылдары фонд ишмердүүлүгүн башкаруунун жаңы моделине өтүп, каржылык тартипти бекемдөөгө жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга басым жасалганын билдирди. Финансылык

Өлкө башчы УКМКнын орун басарларын кызматтан бошотту

Өлкө башчы УКМКнын орун басарларын кызматтан бошотту

Президент Садыр Жапаров УКМКнын бардык орун басарларын кызматтан бошотту. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын бир нече орун басары кызматтан бошотулган. Атап айтканда, кызматтан бошотулган адамдар: * УКМКнын биринчи орун басары Курванбек Авазов; * УКМКнын орун басары, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору Даниэль Рысалиев; * УКМКнын орун басары, Антитеррордук борбордун директору

Быйыл Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулат

Быйыл Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулат

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Ош шаарында курула турган жаңы мектептер боюнча жумушчу жыйын өттү. Ош шаардык мэриясынан билдиргендей, жыйында 2026-жылы курулушу пландалган 10 мектептин долбоорлору, курулуш аймактары, инфраструктуралык камсыздоо, курулуш иштеринин этаптары жана мөөнөттөрү талкууланды. Жер тилкелеринин